Кыргызстанда соңку бир аптанын ичинде коопсуздук курун тагынбаган 400 миңден ашык айдоочу жана жүргүнчү аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 7-октябрда маалымдады.
1-октябрдан тартып “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында жолго орнотулган комплекстер коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү аныктай баштаган. Мындай учурда унаа ээсине 1 миң сом айып салынат.
Жыл башында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында өлкөдө 12 миң камера коюлганын, эми “Коопсуз өлкө” долбоору ишке ашса шаар, айылдарда 25 миңдей камера иштеп, министрликтин борбордук тутумуна кошуларын айткан.
Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштап, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек - Торугарт, Бишкек - Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган.
“Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd аттуу кытайлык компания жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу.
Бул долбоор пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан Санарип өнүктүрүү министрлиги Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын 2022-жылы сотко берген.