Жер титирөө үй-жайды камсыздандыруу маселесин эске салды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад облусунда 6-октябрга караган түнү 6 баллдык жер титирөө болуп, анын толкуну Талас облусунун эки районунда сезилди. Андан бир нече социалдык объекттер жабыркады. Ушул тапта адистер аймакта турак-жайлардын абалын текшерип жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги соңку жылдары жер титирөөлөр көбүрөөк катталып жатканын билдирип, жарандарды "коопсуздук куржунун" камдап коюуга чакырды.