Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, урушка чекит коюу маселесинде мунаса табуу кыйын болчудай.
Ал арада газалыктарга жардам жеткирүүгө аракеттенген Эл аралык флотилия 8-октябрда Израилдин аскерлери анын дагы бир нече кемесине чабуул койгонун билдирди.
ХАМАС менен Израил эки күн бою АКШ президенти Дональд Трамптын Газа тилкесиндеги ок атууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу планын талкуулашты.
Радикал уюмдун делегациясын жетектеген Халил ал-Хайя алар жаңжалга чекит коюу жана туткундарды айырбаштоого өбөлгө түзүүдөн тышкары Израилден аскердик аракеттерди кайра баштабайт деген кепилдик алууну көздөшөрүн айтты.
Рейтер кабар агенттиги булагына таянып маалымдагандай, ХАМАС барымтага алынган кишилер израилдик армия – ЦАХАЛ тилкеден чегингенде кое берилет деген шарт коюп жатат.
Дагы караңыз Согуштан чарчаган Газа. Израил жана ХАМАС Египетте сүйлөшүү өткөрөтТрамптын планында Израил аскерлерин радикал уюм куралсызданууга көнгөндө чыгарып кетсин деп сунуш кылынган.
ХАМАС армияны баскыч-баскыч менен чыгаруу шартын четке какты.
Израил Египеттеги сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы тууралуу маалыматты шардана кыла элек.
Шаршемби күнкү жолугушууга Катар, Түркия жана АКШнын делегациялары катышат деп пландалууда. Ак үйдүн атынан регион боюнча атайын чабарман Стив Уиткофф менен Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер Египетке жөнөдү.
Маалыматтарга караганда, Вашингтон тараптарга кысым көргөзүп, жарашуу келишимин тезирээк кабыл алууга көндүрүү аракетин көрмөкчү.
7-октябрда америкалык президент алдыңкы 48 саат мунасага келүү үчүн маанилүү болорун белгилеген:
"Жакынкы Чыгыш боюнча келишимге жетишүүгө жакындадык. Миллиондогон, он миллиондогон кишинин өмүрүн жалмаган жылдардан кийин Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотобуз. Жакынкы Чыгышка бейпилдик орнотууга мүмкүнчүлүк түзүлдү", - деген Дональд Трамп.
Дагы караңыз Трамп Газадагы согушту токтотобу?Кабарчылар Кошмо Штаттар кандай коопсуздук кепилдиктерин берүүгө даяр деп кызыкканда Трамп колдо бар аракет көрүлөрүн айтып, анын чоо-жайына токтолгон жок.
Ал күнү согушка түрткү берген теракттардын эки жылдыгы эскерилди.
ХАМАСтын жоочулары Израилдин түштүк райондорун Газа тараптан ракеталар менен аткылап, тилке менен Израилди бөлүп турган тосмолорду жырып өткөн жана айыл-кыштактарга кол салган.
Бардыгы болуп ошондо 1200дөй киши каза тапкан, 251 чактысын барымтага алып кетишкен. Алардын 140ка жакыны бошотулган, ушу тапта согушкерледин колундагы кишилердин 20сы тирүү деп болжолдонууда.
Израил ХАМАСка каршы ачкан согушта, тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси билдиргендей, 67 миңден ашуун кишинин өмүрүн кыйылды.
Эл аралык жана гуманитардык уюмдар таш талканы чыккан Газаны ачарчылык тооруганын, соккулардан качып бир нече жолудан жер которууга аргасыз болгон газалыктардын аянычтуу абалына көңүл буруу зарылдыгын айтып коңгуроо кагууда.
Анклавдын элине жардам жеткирүүгө аракеттенген Эл аралык флотилия 8-октябрда Израилдин аскерлери дагы бир нече кемесине чабуул койгонун билдирди.
Маалыматка караганда, борттогу кишилер жабыркаган жок. Аларды Израилдин портторунун бирине алып кетишти.
Израилдин тышкы иштер министрлиги Х социалдык тармагына чыгарган постунда:
“Мыйзамдуу блокаданы бузуп өтүп, согуш аракеттери жүрүп жаткан зонага кирүү үчүн дагы бир куру далалаттан майнап чыккан жок", - деп жазды.
Буга чейин израилдик аскерлер флотилиянын 40 чакты кемесин токтотуп, 450дөн көп активистти, Греция, Италия, Франция, Ирландия, Болгария, Литва, Австрия, Тунис, Бразилия, Британия, АКШ жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн жарандарын кармаган. Кийин алар депортацияланды. Арасында швециялык экоактивист Грета Тунберг бар. Стокголмдогу пресс-конференцияда ал Израилдин абагында кыйноого учураганын айтып берди:
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Газага гумжардам жүктөп бараткан кемелер токтотулду
"Израил бизди уурдап кетти жана кыйноого алды. Бул гана эмес, Израил Газа тилкесин жана палестин элин ачыктан ачык жер менен жексен кылып, геноцид күчөп бараткан маалда эл аралык укукту дагы бир жолу бузуп, ачка калган калкка гуманитардык жардам, дары-дармек, азык-түлүк жана таза суу жеткирүүгө бут тосту. Бул жөнүндө буга чейин миң жолу айтылганы менен чымын чаккандай эле болуп келатат".
Тунберг кандай кыйноого кабылганын кеңири айтуудан баш тартып, ага суу бербей коюшканын, калгандар дары-дармексиз калганын кошумчалады.
Рейтер агенттиги Израилдин Тышкы иштер министрлиги бул маалыматка байланыштуу комментарий берүү өтүнүчүнө жооп бере электигин белгилейт. Ага чейин мекеме камакка алынгандардын укуктары сакталганын айтып, депортацияланган активисттердин жалган маалыматтарына ишенбөөгө чакырган.
Ал арада Малайзиянын өкмөт башчысы Анвар Ибрахим Израилдин Эл аралык флотилияга байланышкан аракеттерин айыптап, миссияга катышкан мекендештерин эркин кылууну талап кылды.
Тел-Авив Газадагы геноцид, ачарчылык тууралуу кабарлар чындыкка коошпогонун, радикал топ чет элдик гуманитардык жардамдын көбүн өз максатында пайдаланып жатканын айтып, быйыл жазында жардам жеткирүүнү өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган.
16-сентябрда Улуттар Уюмунун оккупацияланган палестин аймактарындагы окуяларды иликтеген көз карандысыз комиссиясы Израил Газада геноцидге барган деген докладын жарыялаган.
Дагы караңыз "Өзүмчүл геосаясатты коюп, согуштарды токтотолу". Садыр Жапаров БУУда кайрылуу жасады