Киев шаарына жасалган Орусиянын чабуулунда тогуз адам жараат алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Орусиянын соңку чабуулунда бери дегенде тогуз адам жараат алганын билдирди. Анын ырасташынча, беш адам ооруканага жеткирилди.

"Шаардын сол жээгиндеги маанилүү инфраструктурага жасалган Орусиянын жапырт чабуулунан улам бул аймак азыр электр жарыгысыз калды. Ошондой эле суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады. Печерск районунда дрондун сыныгы көп кабаттуу үйгө кулады. Бир канча кабатта батирлерде өрт чыкты. Өрт өчүрүлдү",-деп жазды Кличко Телеграм каналына.

Кличко ошондой эле шаардын дагы бир канча районунда көп кабаттуу үйлөр жабыркаганын кошумчалады.

Орусия мындай соккулар тууралуу адатта комментарий бербейт.

Ал арада Украина менен чектеш Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков бул аймакка жасалган дрон чабуулунда сегиз жашар кыз жараат алганын билдирди. Ал социалдык тармактагы баракчасына Новая Таволжанка айылындагы бир жер там жабыркаганын, башынан жараат алган кыз оор абалда ооруканага жеткирилгенин жазды.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Казакстанда "Вагнердин" катарында Украинада согушкан киши беш жылга кесилдиИндияда жөтөлдү басчу сиропту ичкен 19 бала чарчап калдыАдабият боюнча Нобел сыйлыгы венгриялык жазуучу Ласло Краснахоркаиге ыйгарылдыПутин азербайжандык учакты орус ракеталары атып түшүргөнүн моюнга алды