Он ай бою Москва трагедияга себепкер болгонун мойнуна албай келди.
Тажик баш калаасындагы кездешүүдө президенттер эч нерсе болбогондой күлүп, кучакташып, кол алышты.
Путин украиналык дрондор Орусиянын аба мейкиндигин бузганда жүргүнчү ташыган Embraer-190 учагынын жанында эки ракета жарылганын айтып, жабыркагандарга кенемте төлөнөрүн убада кылды.
"Экинчи себеп орусиялык абадан коргонуу системасынын ишиндеги техникалык мүчүлүштүк болгон. Эки ракета учакка тийген эмес, андай болгондо ошол жерде кулап түшмөк. Алар болжол менен он чакты метр жакын аралыкта жарылган. Балким өзүн өзү жок кылуу системасы иштеп кеткен. Анын натыйжасында дүрмөт эмес, ракетанын сыныктары лайнерге зыян келтирген".
Алиев менен отуруп Путин кырсыктын себеби тууралуу эки күн мурун кабардар болгонун кошумчалады.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Душанбе: Путин менен Алиевди элдештирген саммит
Былтыр 25-декабрда "Азербайжан аба жолдору" компаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга бет алып, бирок чечен баш калаасына коно албаганда деңиздин аркы жээгиндеги Актауга бурулууга аргасыз болгон. Бирок Каспийден үстүнөн учуп өтүп, шаардын жанында кулаган. Борттогу 67 адамдын 38и каза тапкан. Жарадар болгондордун арасында кыргызстандык үч киши болгон.
Дагы караңыз "Абдан катуу үн чыкты. Учак кулап баратат го деп ойлодум". Актаудагы кырсыкта аман калган РинатКырсыктан кийин президент Алиев учак Орусиянын аймагында аткылоого кабылганын билдирген.
"Орус тарап кечирим сурашы керек. Экинчиден, күнөөсүн моюнга алууга тийиш. Үчүнчүдөн, күнөөлүүлөрдү кылмыш жообуна тартуу, Азербайжан мамлекетине, жабыркаган жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрүнө кенемте төлөө зарыл. Биз мына ушундай шарт коюп жатабыз. Биринчиси кечээ аткарылды. Калган шарттар да кабыл алынат деп ишенем".
Орусиянын бийлиги кырсыктын себептери жана өздөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу расмий билдирүү жасаган эмес. Путин кырсык орус аба мейкиндигинде болгону үчүн Алиевден кечирим сураган.
Казакстандын Транспорт министрлигинин февралда авиакырсык боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча жарыяланган отчетунда учакка сырттан тийген объектилер зыян келтиргени, фюзеляжда тешиктер табылганы айтылган.
Москва кырсыкка себепчи болгонун моюнга албай койгон соң Баку менен мамилеси кескин начарлаган.
Ортодогу чыңалуу быйыл жайында өзгөчө күчөгөн.
20-июлда Алиев Украинаны Орусия ээлеп алган аймактарынан баш тартпоого чакырып, 30 жылдан бери Тоолуу Карабак жана ага жакын аймактардын бир бөлүгүн Баку көзөмөлдөбөй калган учурду Украинадагы кырдаал менен салыштырган. Ал учак кырсыгына баланыштуу эл аралык сотко кайрылуу үчүн документтерди даярдап жатканын да айткан.
Ага чейин, 27-июнда Екатеринбург шаарында азери диаспорасынын 50дөй өкүлү 2000-жылдардын башында болгон кылмыш иштерине шектелип кармалган. Рейд маалында теги азери ага-ини каза тапкан.
30-июнда Москва каржылаган “Спутник-Азербайжан” агенттигинин Бакудагы кеңсесинде жүргөн тинтүүдөн кийин директору Игорь Картавых жана кызматкери Евгений Белоусов кармалып, төрт айга камакка алынган.
Эртеси орусиялык сегиз киши Иранга "маңзаттарын мыйзамсыз ташыган жана кибер кылмыштарды жасаган" деген айып менен кармалып, соттун чечими менен төрт айга камалды.
Жума күнү Игорь Картавых үй камагына которулганын "Коммерсант" басылмасы Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковго шилтеме менен жазды. Анын айтымында, мындай чечим президенттердин жолугушуусу алдында кабыл алынды. Орусия өз кезегинде өз аймагында кармалган азербайжандык бир жаранды бошотту.
Душанбеде Алиев орус президентине кырсыктын себептерин аныктоо ишин өз көзөмөлүнө алганы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Бул ирет азери лидери сын-доомат айткан жок.
Эки жетекчинин жолугушуусун, анда айтылган кепти саясат таануучу Иван Преображенский "Настоящее время" телеканалына талдап берди. Анын пикиринде, эки тарапка тең чегинүүгө туура келди:
"Бирок биринчи кезекте Путин позициясынан тайды. Орусия көпкө чейин өз кылмышын, атап айтканда азербайжандык учакты атып түшүргөнүн мойнуна албай келди. Бирок негизги маселе учакка барып такалбайт. Биз эки диктатура тууралуу кеп болгонун унутпашыбыз керек. Аларды катардагы жарандар кызыктырбайт. Муну Орусиядагы азерилерге, Азербайжандагы орусиялыктарга болгон чабуулдардан, жок жерден кылмыш иштерин козгоо өңдүү окуялардан баамдаса болот.
Москва менен Баку ортосундагы жаңжалдын негизинде Азербайжандын согуштан кийин Армениянын аймагында трансулуттук коридор салуу планын ишке ашыруу тууралуу Түркия жана АКШ менен макулдашканы жатат. Ал коридор "Трамптын жолу" деген атка конду. Түштүк Кавказдагы жараяндардан жакшы кабардар болгон Кремл бул үчүн Бакуга кыр көрсөтө баштаган.
Орус мунайына салынган санкциялар шартында Түркия орус газынан жарым-жартылай же толугу менен баш тартуу үчүн АКШ менен сүйлөшүү жүргүзгөн маалда Кремл Алиев менен дароо элдешүүгө аргасыз болду. Себеби бул маселеде азери президентинин жардамына муктаж. Санкцияларды кыйгап өтүү үчүн орус кара майын сатуу менен алектенген азербайжандык компаниялр бар. Мындай кызматташтык эки диктаторго тең миллиарддаган киреше алып келгендей. Сыягы алар кызматташткты сактап калууга аракет көрүүдө".