Тегеран Трамптын Газа боюнча тынчтык планына макулбу?

Тел-Авив шаарында АКШнын президенти Дональд Трамптын сүрөтү түшүрүлгөн билборд, 10-октябрь, 2025-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп Газа тилкеси боюнча тынчтык планын жарыялагандан кийин, Иран бул демилгеге этият мамиле кылды. Эксперттер расмий Тегеран тынчтык жараянына тоскоолдук жаратпай, ошол эле маалда ХАМАСка болгон таасирин сактап калууга умтулуп жатканын белгилешет.

АКШ президенти Дональд Трамп Газа тилкеси боюнча тынчтык планын сунуштаганда Тегеран алгач расмий реакциясын билдирген эмес. Көп өтпөй мамлекеттик маалымат каражаттары өз материалдарында Трамптын планын кескин сынга алышкан. Эми болсо Иран өкмөтү бул документти этияттык менен кабыл ала баштаганын көрүүгө болот.

Эксперттердин айтымында, Иран өзүн тынчтык жараянына тоскоолдук жараткан тарап катары көрсөткүсү келбейт. Ошол эле маалда Тегеран АКШ жана Европа Биримдиги террордук уюм деп жарыялаган ХАМАС тобунун алдында өзүнүн таасирин сактап калууга аракет кылууда.

Ирандын азыркы позициясы Тегерандын аймактагы таасири мурдагыдай эместигин жана июнь айында Израил менен болгон 12 күндүк кандуу жаңжалдан кийин ал өзүнүн тышкы саясатындагы артыкчылык багыттарын өзгөрткөнүн көрсөтүп жатканын талдоочулар белгилөөдө.

Ошентип, Израил менен ХАМАС радикал тобу Трамптын өткөн айдын соңунда сунуштаган тынчтык планын ишке ашыруунун биринчи этабы боюнча макулдашканы белгилүү болду. Бул этапта ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу каралган. Ал эми пландагы айрым талаштуу маселелер кийинки сүйлөшүүлөргө калтырылды.

Дагы караңыз "Аткылоо токтогонун өз көзүм менен көрмөйүнчө сүйүнүү эрте". Газада эми тынчтык орнойбу?

ХАМАС менен байланышты сактап калуу аракети

"Иран тынчтык жараянына тоскоол болгон тарап катары көрүнгүсү келбейт. Тегеран ок атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгүн жана азыркы сүйлөшүүлөрдү ХАМАС менен байланышты сактап калуунун жолу катары көрүүдө", — деди Chatham House изилдөө борборунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка программасынын директору Санам Вакил.

Иран көп жылдан бери ХАМАС радикал тобуна каржылык жана аскердик колдоо көрсөтүп келген. Бирок эки жылга созулган Газа согушунун жүрүшүндө Израил радикал топтун мүмкүнчүлүгүн алсыраткандан кийин Тегерандын ага болгон таасири да азайды. Андыктан, Ирандын Газадагы кырдаалга таасир этүү мүмкүнчүлүгү азыр мурдагыдай эмес.

Акыркы бир жыл ичинде Ирандын Израилге каршы багытталган аймактык союздаштарынын жана куралдуу топторунун таасири да кыйла алсырады. Бул альянска ХАМАСтан тышкары Ливандагы "Хезболла", Йемендеги хусилер жана Ирактагы шии куралчан топтору кирет.

Июндагы Израил менен АКШнын аба соккулары Ирандын аскердик жана өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн кыйла алсыратып койду.

"Иран кааласа да бул пландын ишке ашышына бөгөт коё албай турганын жакшы түшүнөт", — деп эсептейт Израилдеги Улуттук коопсуздук изилдөө борборунун директору Раз Зимт.

Эксперттин айтымында, Иран азыр ракеталык жана абадан коргонуу системалары менен кошо аскердик мүмкүнчүлүктөрүн калыбына келтирүү жана аймактагы стратегиялык таасирин кайра күчтөндүрүү менен алек.

Дагы караңыз

Газа: Израил менен ХАМАС согушту токтотуу үчүн мунаса таба алабы?

ХАМАСтын келечеги

Трамп сунуштаган тынчтык планына ылайык, Газа тилкесин башкарып келген ХАМАС толугу менен куралсызданып, бийликтен кетиши керек, андан кийин бул аймакты убактылуу администрация көзөмөлдөйт.

Иран ХАМАСтын барымтадагыларды бошотууга макул болуп, бирок курал тапшыруу жана бийликтен кетүү талабын четке каккан жообун жогору баалады.

"Израил ХАМАСты жана жалпы Газа тилкесин куралсыздандырууну каалайт, бирок бул анчалык эле оңой болбой турганы түшүнүктүү", — деди Раз Зимт.

Эксперттердин айтымында, эгер Газадагы ок атышпоо режими узакка созулса, Иран палестин саясатындагы таасирин сактап калуунун башка жолун издөөгө аракет кылат. Мисалы, Израилдин көзөмөлүндө турган Батыш жээкте палестин таасирин бекемдөө аркылуу.

"Тегеран колдоосун Батыш жээктеги каршылык кыймылдарына бурушу мүмкүн", — дейт Санам Вакил.

Вакилдин айтымында, Иран Израилге каршы көз караштарды жайылтуу үчүн маалымат каражаттарын жана социалдык тармактарды да колдонушу мүмкүн.

Соңку абал

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газа секторунда атышууну токтотуу режими 10-октябрда түштө башталганын билдирди. Times of Israel басылмасы Газанын ХАМАС (АКШ жана Еврошаркет террордук деп жарыялаган топ) көзөмөлдөгөн Жарандык коргонуу агенттигинин маалыматына таянып жазгандай, атышпоо режими күчүнө киргенден бери кеминде 250 миңдей палестин сектордун түндүгүнө кайтып барды.

Израилдик аскерлер тынчтык келишими макулдашылгандан кийин ал жердин көпчүлүк бөлүгүнөн чыгып кетти.

Израилдин жана ХАМАСтын расмий өкүлдөрү келишимге 9-октябрда кол койгон. Бул АКШ президенти Дональд Трамп сунуш кылган тынчтык планын ишке ашыруунун биринчи этабы экени кабарланган.

Израилдик аскерлердин билдиришинче, алар Газанын аймагынын жарымынан көбүрөөгүн көзөмөлдөөсүн улантууда.

Биринчи этапта ХАМАС эки жылдан бери барымтада кармап отурган израилдик жарандардын калганын (20 киши) жана туткунда каза болгон дагы 28 кишинин сөөгүн өткөрүп бериши керек. Буга жооп катары Израил өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратып, түрмөлөрүндө кармап отурган 250дөй палестинди жана согуш башталгандан бери кармалган дагы 1700дөй палестинди бошотууга милдеттүү болот.

Мунун баары израилдик аскерлер бир сутка ичинде дислокациясын өзгөрткөндөн кийин 72 саат ичинде ишке ашырылышы керек экени маалымдалган.

Трамптын Газада тынчтык орнотуу планынын кийинки этабы туткундардын бардыгы айырбашталгандан кийин талкууланат.

2023-жылы 7-октябрда бир күндө кеминде 1197 кишиси өлтүрүлүп, дагы 251и барымтада калган кандуу кол салуудан кийин Израил Газа секторунда ХАМАСка, Ливанда "Хезболлага" жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согуш баштаган. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат. Ошондон бери Израил аталган топтордун башчыларынын дээрлик көпчүлүгүн жок кылды.