Жогорку Кеңеш таркагандан кийин 30дан ашуун экс-депутат кайрадан шайлоого аттанды

Жогорку Кеңештин имараты.

Кыргызстанда парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер болуп катышуу ниетин билдирип Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арызын бергендердин саны бир апта ичинде 185 кишини түздү.

Алардын арасында, 10-октябрдагы эсеп боюнча, Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркаткан соңку курамында депутат болгон 34 саясатчы бар. Бардыгы шайлоого катышууга арызын өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары тапшырышкан. Тизме улам жаңыланууда.

Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрга белгиленген.

Мажоритардык шайлоо системасы менен өткөрүлүп жаткан бул шайлоодо 90 депутат 30 округдан шайланып келет. Ар бир округдан шайлана турган үчтөн депутаттын бирөө башка жыныстан болушу керек. Тагыраагы, эки эркек, бир аял же эки аял болсо бир эркек жаран.

Боршайком 4-октябрда шайлоочулардын баштапкы тизмесин жарыялаган. Ага ылайык, катталгандар саны 4 миллион 287 миң 222 кишини түздү. Тизмелер 2 миң 492 шайлоо участогунда 14-октябрга чейин илинет.

Жогорку Кеңештин 2021-жылдын ноябрында шайланган жетинчи чакырылышынын иш мөөнөтү дагы бир жылдан кийин аяктамак. Бирок депутаттар тобу таркап кетүү тууралуу демилге көтөрүп, аны жалпы парламент колдогон. Талкуу учурунда парламентти таратуу сунушун алып чыккандардын кийинки шайлоодогу моралдык жоопкерчиликти эске алуу маселеси көтөрүлгөн. (RK)

Дагы караңыз

Израил өкмөтү ХАМАС менен тынчтык келишиминин биринчи этабын ишке ашырууну колдоду Газа секторунда атышпоо режими иштеп жатат"Хочу жить" долбоору орус тарапта согушуп каза тапкан 446 тажикстандыктын ысымын жарыяладыТрамп Кытайдын товарына кошумча 100% алым киргизилерин билдирди