Акыйкатчы институту Кыргызстанда аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырды. Бул тууралуу “Аялдар менен балдарды зомбулуктан коргоону күчөтүү боюнча биргелешкен чаралар” деген жыйында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева көтөрдү.
“Зомбулук фактыларына гана эмес, анын себептерин да иликтеп, ата-энелер жана үй-бүлөлөр менен системалуу иш алып баруу, аялдар жана балдар менен иштеген адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу маанилүү”, - деди Жаманбаев.
Талкууга БУУнун Аялдар уюмунун өкүлү Сайед Садик, Башкы прокуратуранын, Жогорку соттун, Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин, бир канча министрликтин жана коомдук уюмдардын, кризисттик борборлордун өкүлдөрү катышты.
Маалыматта Кыргызстан аялдарга карата зомбулуктун бардык түрүн жоюу, ар бир адамдын тең укуктуулугун камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелерди алганы жазылган.
Жыйында майыптуулугу бар кыз-келиндердин зомбулукка кабылары боюнча маселе көтөрүлүп, сексуалдык зомбулукту иликтөөдө ДНК-технологияларын колдонуу сунушу да талкууланды.
Акыйкатчы институту келтирген маалыматка караганда, “Равенство” уюмунун Кыргызстандын жети облусу боюнча жүргүзгөн сурамжылоосуна катышкан 150 аялдын 93% зомбулукка кабылганын айткан.
Башкы прокуратуранын маалыматында, 2025-жылдын алты айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миң 75 билдирүү катталып, 310 кылмыш иши козголгон.