Ирандын соту франциялык эки жаранды узак мөөнөткө түрмөгө кести

Сесил Колер менен Жак Парини бошотууга чакырган плакаттар. Париж, 25-март 2025-жыл

Ирандын соту франциялык эки жаранды узак мөөнөткө түрмөгө кести. Алар Франциянын жана Израилдин пайдасына тыңчылык кылган деп айыпталууда. Бул тууралуу Ирандын сот бийлигинин расмий сайтында айтылат.

Маалыматка караганда, бир киши 6 жылга француз чалгын кызматына иштегени, 5 жылга “улуттук коопсуздукка каршы кылмыш жасоо кутуму” үчүн жана “Израилдин чалгын мекемеси менен кызматташууга шектелгени” үчүн 20 жылга ички бозгунга өкүм кылынды.

Экинчиси Франциянын пайдасына тыңчылык кылган деп 10 жылга, “улуттук коопсуздукка каршы кылмыш жасоо кутуму” үчүн 5 жылга, Израилдин атайын кызматы менен иштөөгө “тукуруу жана жардамдашуу” үчүн 17 жылга кесилди.

Соттолгондордун адвокаттары 20 күндүн ичинде апелляциялык арыз бере алары маалымдалды.

Эркинен ажыратылгандардын ысымдары аталбаганы менен Ислам жумуриятында ушу тапта франциялык эки гана киши - Сесил Колер менен Жак Пари кармалып жаткан.

France 24 телеканалы кеп ошолор тууралуу жүргөнүн билдирди. Июлда Франциянын мамлекеттик телеканалы түгөйдүн жакындарына жана дипломатиялык булактарга таянып аларга “Израилдин пайдасына тыңчылык кылган” деген айып тагылганын кабарлаган.

Франциянын жарандары 2022-жылдын май айында Иранга саякаттоого барганда кармалган. Ал өлкөнүн мамлекеттик медиасы түгөй мугалимдердин негизги кесиптик кошууну менен байланышта болгонун жазган. Аларга башаламандыкка шыкактаган деген айып тагылган. Күнөөлөнүп жаткандардын жакындары бул дооматты четке кагууда.

Үстүбүздөгү айда Париж менен Тегеран абактагыларды айырбаштоо ыктымалдыгы тууралуу макулдашканы маалымдалган. Сүйлөшүүлөрдө Колер менен Пари Израилге каршы постторду жарыялаган ирандык студент Махдие Эсфандияриге алмашары сөз болгону кабарланган.

БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери Ислам жумуриятында өлүм жазасына тартуу кескин өскөнүн айтып коңгуроо кагып жатканы менен 1-октябрда Ирандын Ислам Революциясынын сакчылар корпусу Израилге жана АКШга тыңчылык кылуу жана кызматташуу үчүн өкүмдү катаалдаштырууну жактырды.

Дагы караңыз

Жаңылыктар | 14.10.2025 | Володин "кара тизмедеги" 770 миң мигрант Орусиядан чыгарыларын билдирди Орус атайын кызматы Ходорковскийге терроризм боюнча иш козгогонун билдирди