Караганды сотунда "улут аралык жек көрүүгө тукуруу" иши териштириле баштады

Караганды шаарынын сот имараты

Казакстандын Караганды шаарында «улут аралык жек көрүүгө тукуруу» иши сотто териштириле баштады. Жергиликтүү ишкер Алика Мухамадиева Threads сайтына жарыялаган постторунда тергөө казактар менен мусулмандарга каршы кемсинтүүчү деп баалаган сөздөрдү жазганы үчүн июлдан бери абакта кармалууда.

14-октябрда сот окуган айыптоочу документке ылайык, «Алика Августова» деген ат менен катталган 22 жаштагы Мухамадиева «жарандардын улуттук жана диний сезимдерине акаарат келтирген сөздөрдүн белгилери бар», «ислам динин туткан жана казак улутундагы адамдардын ар-намысына шек келтирген» комментарийлерди жазган.

Соттолуучу күнөөсүн мойнуна алды жана өкүнөрүн, «коом алдында, таарынткан адамдардын алдында уялып жатканын» айтты.

Кармаларга чейин Мухамадиева кечирим сураган, бирок баары бир кылмыш жообуна тартылды.

Адвокаттары аны эркинен ажыратпоону сурап жатышат, себеби анын эки жашар баласы бар.

Эмки соттук отурум 18-октябрга белгиленди.

Июнда Түндүк-Казакстан облусунун соту TikTok платформасына улут аралык кастыкты козутуу үчүн кош бойлуу 35 жаштагы аялды эки жылга эркинен ажыраткан. Экспертиза анын постторунда “орус улутундагы адамдарды кемсинтүү" белгилерин аныктаган.

Дагы караңыз

Өлүм жазасы: "Укук коргоо, сот системасы кынтыксыз иштеши керек" Ирандын соту франциялык эки жаранды узак мөөнөткө түрмөгө кестиОрус атайын кызматы Ходорковскийге терроризм боюнча иш козгогонун билдирди