Бишкек шаарынын чет жакасындагы Орок айылында курулуп жаткан жаңы стадионго “Азаттык арена” деген аталыш берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жыйында билдирди. Маалыматка караганда, стадион 51 миң орундуу болот. Курулуш өзүн өзү актап, киреше таап туруусу үчүн анын курамында 40 миң чарчы метр аянтты түзгөн коммерциялык объекттер кошула турган болду. Анда дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук бренддер жайгашары кабарланды.
Туманбаев мындан сырткары “Ынтымак Ордонун” жанында курулуп жаткан конгресс-холлго “Ырыс Ордо” деген аталыш берилгенин кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-августунда Ороктогу жаңы стадиондун курулушуна капсула салган. Ал үчүн айыл аймагынан 20,78 гектар жер бөлүнүп берилген. Курулуш башталганда анын жалпы сыйымдуулугу 35 миң орун экени айтылган. Бир жылдан кийин орундардын саны 40 миңге көбөйтүлгөнү кабарланган.
Баштапкы долбоорго ылайык, жаңы стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрди түзөрү айтылган. Анда ачык жана жабык VIP орундар, ошондой эле комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган. Стадиондун долбоорунда 1,5 миң жеңил машина жана 100 автобус токтотуучу жай бар. Эки кабат трибуна, анын астында жылуу жайлар, галереялар, оюн талаасы көрүнө турган жана баш калка боло турган курулмалар болот деп айтылган.
Бишкектеги азыркы Дөлөн Өмүрзаков атындагы жалгыз ири стадион 1941-жылы курулган. Ал 18 миң көрүүчүгө эсептелген. (ErN)