Бишкек шаарында жана шаарга караштуу конуштарда мыйзамсыз ээленген жер тилкелерине менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акт алуу өтүнүчү менен 37 027 адамдан арыз түштү. Бул тууралуу 15-октябрда “Биринчи радионун” эфиринде Бишкек шаарынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментинин директору Уран Мусаев билдирди.
Анын айтымында, мунун ичинен зарыл документтери текшерилген соң экинчи этапка 24 700 арыз өткөн. “Бишкекбашкыархитектура” мекемеси 15 225 арызды карап чыккан. Натыйжада мыйзамдаштырууга жаткан 10 651 тилкеге “кызыл китеп” берилди.
Буга чейин Бишкек мэриясынын жыйынында курулуш корутундуларын алуу жана менчик укуктарын каттоо иштери шаардын эски чектеринде 1-ноябрга чейин, жаңы чектерде 31-декабрга чейин аяктай турганы кабарланган.
2021-жылы 5-апрелде мурдараак мыйзамсыз ээленген жер тилкелерине мунапыс берүүчү “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган.
Быйылкы жылдын июнь айындагы маалыматка ылайык, ошондон берки аралыкта жер мунапысы боюнча республикалык комиссияга Кыргызстандын бардык аймактарында 170 миңден ашуун арыз түшүп, анын 56% мыйзамдаштырылган. 25 миңден ашуун арыз түрдүү себептер менен артка кайтарылган. (ErN)