Крымда дрон чабуулунан мунай базасы өрттөнүп, айрым райондор жарыксыз калды

Мунай ишканасындагы өрт. Архив сүрөт.

Аннексияланган Крымда 17-октябрга караган түнү учкучсуз учактар бир нече объектини бутага алганын аймактын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксёнов билдирип, бул үчүн Украинаны айыптады.

Анын айтымында, дрон соккусунун айынан жарым аралдын бир бөлүгү жарыксыз калды, анткени бир нече электр подстанциясы жабыркады.

Жергиликтүү тургундар жарыялап жаткан сүрөт жана видеолордон Симфереполь районунун Гвардейское кыштагында өрт чыкканын көрүүгө болот. Supernova+ Телеграм каналы жазгандай, "Кедр"ишканасына таандык мунай базасы күйүп жатат. Бул компаниянын курамына Крымды бензин жана дизель менен камсыздаган көптөгөн бекеттер кирет.

Орусиянын Коргоо министрлиги Крымдын үстүнөн Украинанын 32 учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн билдирди.

17-октябрга караган түнү Орусиянын европалык бөлүгүндөгү 10дон ашык аэропортунда, анын ичинде Сочиде каттамдарга чектөө киргизилди. Шаар бийлиги учкучсуз учактар атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Украин тарап бул маалыматтар боюнча комментарий бере элек.

Орусия коңшусуна каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган. Расмий Киев ошондон бери согушту токтотуу аракетин көрүп келет. Натыйжага жетүүнүн жолдорунун бири катары украин бийлиги Орусиянын согушуу, фронтту камсыздоо мүмкүнчүлүгүн чектөө, алсыратуу экенин айтууда. (RK)

Дагы караңыз

Бишкек: Мектептерге "кол салуу" тууралуу коркутуудан кийин айрым окуучулар онлайн окуду Опуза видео тараткан чет элдикке байланыштуу өспүрүм милицияга жеткирилдиБишкекте үч жаңы конуш үчүн спорттук аянтча ачылды Мыйзамга кол коюлду: Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адам 14 суткага чейин камалат