Швейцария өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен 15-октябрда Бишкектин батыш тарабында, Ленин районуна караштуу конуштарда мини-футбол талаасы бар жаңы спорттук аянтчанын салтанаттуу ачылышы өттү.
Элчиликтен кабарлашкандай, эми Ак-Ордо-2, Ак-Ордо-3 жана Ала-Тоо-3 (Эркин-Тоо) конуштарында жашаган 20 миңдей адам спорт менен машыгууга, активдүү эс алууга жана коомдук иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк берүүчү заманбап жайга ээ болушту.
Долбоордун жалпы наркы 12,6 миллион сомду түздү. Анын 8,2 миллион сомун Швейцария, 4,4 миллион сомун Бишкек шаарынын мэриясы каржылады. Жергиликтүү тургундар долбоорду ишке ашырууга активдүү катышып, жамааттык ынтымактын, өз ара көмөктөшүүнүн мыкты үлгүсүн көрсөтүштү.
Швейцария 2022-жылы «Аракет» долбоорун баштап, жаңы конуштардагы жашоочулардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган иш-аракеттерди колго алган. Бүгүнкү күндө 11 жаңы конушта (Бишкекте жети, Ошто төрт) 120 миңден ашуун адамдын жашоо шартын жакшыртууга көмөк көрсөтүлдү. (RK)
Шерине