Октябрь окуясына беш жыл: 10 күндүк бийлик талаш, Жапаровдун келиши

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2020-жылкы Октябрь окуяларына быйыл беш жыл болду. Анда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык ири митингдерге айланып, соңу бийлик алмашуу менен аяктаган. Иш жүзүндө өлкөдө үчүнчү ирет төңкөрүш ишке ашкан. Бул аралыкта анын себептери жана сабактары жөнүндө көп талкуулар жүрдү. Ал окуяларга шайлоонун жыйынтыгына карата нааразылыктар гана алып келдиби, же ага чейинки жагдайлар да себеп болдубу? Өлкөнүн тагдыры ошол он күнчө убакытта кантип чечилген? Элдик толкундоонун мүдөөсү канчалык аткарылды?