Газада кайрадан сокку урулду, тараптар бири-бирин айыптады

Газа. 2025-жылдын 19-октябры.

Израил армиясы ок атпоо режимине кайтканын 20-октябрга караган түнү жарыялады. 19-октябрда ал ХАМАСты (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук топ деп жарыяланган) айыптап, согуштук аракетин кайрадан баштаганын билдирген жана Газада ондогон жерге абадан сокку урган.

Израил, ошентип, Газада атышуу токтоп, туткун айырбаштоо жараянынын негизги бөлүгү аяктаган чакта 19-октябрда сектордун аймагына кайрадан абадан сокку урду. Ошол эле күнү кечинде аткылоосун токтотконун жарыялады.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) ХАМАСты атышпоо шарттарын одоно бузууга айыптап тараткан маалыматында:

"Өлкөнүн саясий жетекчилигинин буйругунун негизинде жана ХАМАС келишимди бузганына жооп катары жасалган бир нече катуу соккудан кийин Израилдин Коргоо армиясы атышпоо шарттарын аткарууга кайтып киришти", - деп айтылды.

Чабуулга Газа секторунун түштүк тилкесиндеги Рафах шаары жана башка аймактар кабылганы маалымдалды.

Газа. Хан-Юнис. 2025-жылдын 19-октябры.

АКШ президенти Дональд Трамптын сунушунун негизинде иштелип чыккан тынчтык планынын алгачкы этабына ылайык, дээрлик эки жылдан бери уланып келаткан согушта атышуу токтоп, израилдик аскерлер Газада ээлеген тилкелеринен чегинип, ал жерлер "сары сызык" катары аныкталган.

Израил жекшемби күнү эртең менен ХАМАСтын согушкерлери мына ошол чектен өтүп, израилдик аскерлерге бир нече кол салуу уюштурганын билдирди. Чабуулдун кесепетинен, ЦАХАЛдын маалыматына караганда, кеминде эки аскери набыт кетти.

ЦАХАЛдын билдирүүсүндө "террорчулар Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах районунда террорчул инфраструктураны жок кылуу операциясын жүргүзүп жаткан израилдик аскерлерди танкка каршы ракета жана ок атуучу курал менен аткылашты. Жаралган коркунучту жок кылуу, террордук ишмердүүлүк үчүн колдонулуучу аскердик курулмалар менен туннел шахталарын жарактан чыгаруу максатында жооп катары сокку урулду" деп айтылды.

ХАМАС Израилдин айыптоосун четке кагып, тынчтык келишимин толук аткарып жатканын, айыптоолордун далили жок экенин билдирүүдө.

Газанын Жарандык коргонуу агенттиги жекшемби күнү израилдик чабуулдан кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылганын кабарлады. ХАМАС атышпоо режими жарыялангандан бери жалпысынан кеминде 45 өмүр кыйылганын маалымдады. Ошондой эле, аталган топтун билдиришинче, Израил Газага гуманитардык жардамдын жана күйүүчү-майлоочу майдан келишимде каралган көлөмүнүн бир аз гана бөлүгүн өткөрдү.

2023-жылдын 7-октябрында Израил Газа тараптан ХАМАС тобунун кол салуусуна кабылганын, 1197 кишиси өлтүрүлгөнүн, 251 кишисин барымтага алып кетишкенин билдирген жана аларга каршы согуш баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси ошондон бери сектордо 67 миңден ашуун палестиналык жай тургун, арасында аялдар жана балдар набыт кеткенин, жараат алгандар 170 миңге чамалаганын билдирүүдө.

Газа шаары

Трамп сунуштаган тынчтык келишиминин негизинде атышуу быйыл 10-октябрда токтогон. Израил Газада кармалган 1718 кишини, террорчулук үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, Израилдин түрмөлөрүндө жаткан 250 палестинди бошотту, кеминде 120 палестиндин сөөгүн өткөрүп берди.

Тынчтык планында ХАМАС барымтада каза болгон 28 кишинин сөөгүн берери жана аман калган 20 кишини бошотору жазылган. Тирүүлөрү, сүйлөшүлгөндөй эле, 13-октябрда Израилге өткөрүлүп берилди, ал эми каза болгондор боюнча үч күндүк мөөнөт чегерилген. Бүгүнкү күнгө карата Израилдин колуна 12 гана табыт тийди.

ХАМАС келишимдин шартын толук аткарганын билдирип, калгандарынын сөөгүн алып чыгыш үчүн атайын жабдык керек экенин айткан.

Дагы караңыз ХАМАС барымтадагы 20 адамды, Израил абактагы палестиндерди бошотту

Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Газадагы согуштук аракеттер кайра башталышы ыктымал деп эскерткен. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга эгер ХАМАС келишимди толук аткарбай турган болсо Газаны аткылоого уруксат берүү жагын караштырышы мүмкүн экенин билдирген.

Азырынча Газа тилкесин ким башкарат, ХАМАС курал-жарагын толугу менен таштайбы жана Палестинанын башка аймактары боюнча бир катар суроолорго так жооп жок. Трамптын планы боюнча ХАМАС толугу менен курал-жарактан арылса, Газаны технократтардан куралган убактылуу өкмөт башкарары тууралуу сөз болгон. Бул түзүмдү АКШ жана бир катар араб өлкөлөрү түзгөн эл аралык турукташтыруу күчтөрү колдоого алары айтылган. Бирок Израил да, ХАМАС да Трамптын тынчтык планынын бардык пунктарын аткарууга толук макулдугун билдире элек.

Дагы караңыз Тегеран Трамптын Газа боюнча тынчтык планына макулбу?

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө Жакынкы Чыгыштагы, анын ичинде Газадагы кырдаалга токтолгон. Ал Газадагы аёосуз кагылышуулардын айынан эбегейсиз жоготууларга учурап жаткан палестин элине тилектеш болуш керектигин жана ага кайдыгер кароого болбосун билдирген.

“Биз палестиналыктарга каршы геноциддин токтотулушун жана БУУнун Эл аралык соту тарабынан эл аралык соттук иликтөөнүн башталышын талап кылабыз. Менин өлкөм ар дайым зордук-зомбулуктун жана терроризмдин бардык көрүнүштөрүн кескин айыптайт, анын ичинде 2023-жылдын 7-октябрындагы Израилге террорчулардын кол салуусун да айыптайбыз. Андай террорчуларды катуу жазалоо керек. Бирок терроризмге каршы күрөшүүнүн, террорчуларды жок кылуунун өз ыкмалары, жол-жосуну бар”,- деп белгилеген Жапаров.

Кыргыз президенти Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу үчүн “Эки эл үчүн – эки мамлекет” принцибин ишке ашырып, Палестина 1967-жылдагы чек аралардын негизинде көз карандысыздыкка ээ болушу керектигин билдирди.