Түшкөн арыздардын негизинде 9 айда 13 салыкчы кызматтан алынды

Мамлекеттик салык кызматынын имараты.

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы быйылкы жылдын 9 айында жарандардан жана юридикалык жактардан салык кызматкерлерине каршы 181 кайрылуу түшкөнүн кабарлады.

Анын ичинен 64 кайрылуу жарандардан жана салык төлөөчүлөрдөн, 38 кайрылуу укук коргоо органдарынан (УКМК, ИИМ, прокуратура органдары) түшкөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 67 арызда көрсөтүлгөн фактылар тастыкталып, 51 кызматкерге эскертүү берилген. 43үнө сөгүш, 16 кызматкерге катуу сөгүш жарыяланган. 13ү иштен алынып, үчөө кызматынан төмөндөтүлгөн.

Мындан сырткары, үч кайрылууда коррупциялык мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтар болгон. Анын ичинен эки арыз боюнча факты тастыкталган эмес, ал эми бир кайрылуу боюнча материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жиберилген. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча өспүрүм бир айга камалдыПарижде Лувр музейинен баалуу экспонаттар уурдалдыКиев менен Москва Запорожье АЭСинин аймагында ок атышпоону макулдаштыОшто өрт чыккан үйдү мэрия калыбына келтиретПарламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө 71 тилке ачылат