Трамп Украина жана Орусия фронттун азыркы сызыгында токтошу керектигин айтты

АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский менен ок атышууну токтотуу талабын аткаруу үчүн Орусияга Донецк облусун берүүнү талкуулабаганын билдирди. Трамп президенттик Air Force One учагынын бортунан журналисттерге Украина жана Орусия фронттун азыркы сызыгында токтошу керектигин айтты.

Буга чейин The Washington Post жогорку кызматтагы эки булакка шилтеме кылып жазгандай, Путин 16-октябрда Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшкөндө Украина Донецк облусун толук өткөрүп бериши керектигин айткан. Путин буга жооп катары Запорожье жана Херсон облустарындагы Орусия басып алган аймактарды Украинанын өзүнө кайтарууну сунуштаган.

Ак үйдөгү айрым өкүлдөр муну прогресс катары баалаган, ага чейин Путин Аляскадагы сүйлөшүүдө көбүрөөк талап койгон. Европанын мартабасы жогору дипломаты басылмага украиндер бул сунушка макул болору күмөн экенин айткан.

Трамп журналисттерге Путиндин бул талабы тууралуу айткан жок, ошол эле маалда муну Украинанын президенти менен талкуулабаганын да белгиледи. Трамп мындай маселени "Силер муну аласыңар, бизге тигини бересиңер" деген принцип менен талкуулоо кыйын экенин кошумчалады.

"Донбассты эмне кылуу керек?" деген суроого Трамп мурда кандай болсо ошондой калтыруу керек деп жооп берген.

"Кийин алар ич ара тил табышып алар. Азыр эки тарап тең үйүнө кайтып, согуштук аракеттерди, адамдарды өлтүрүүнү токтотушу керек", - деди Трамп. Буга чейин ал ушундай эле сөздү Truth Social социалдык тармагынан айткан.

Трамп Владимир Зеленский менен 17-октябрда Путин менен сүйлөшкөндөн бир күн өткөндөн кийин жолуккан. Украинанын президенти АКШ президенти менен жолугушуусун ийгиликтүү атап, америкалык тарапка бул үчүн ыраазычылык билдирген. Ал алыска атуучу курал тууралуу кеп болбогонун да айткан. "АКШ эскалацияны каалабайт" деген ал. Алар абадан коргонууга керектүү жабдыктар жана ок атышууну токтотууну сүйлөшкөнүн гана айткан.

Зеленский Украина азыркы фронттун сызыгында ок атышууну токтотууга даяр экенин ырастаган, мындай болгондо Орусиянын карамагында ал басып алган Луганск облусунун баары, Донецк, Херсон жана Запорожьенин ири бөлүктөрү, андан тышкары Сумы, Харьков жана Днепропетровск облустарынын анча чоң эмес аймактары калышы ыктымал. Зеленский орусиялык баскынчылыкты тааныбай турганын айтып келет.

Зеленский Трамп менен жолуккандан кийин согуш бүтөрүнө аз калганын ишенимдүү айта аларын белгилеген. Анын белгилешинче АКШ президентинин жана дүйнөнүн Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу ниети бар.

Дагы караңыз

Бишкекте ипотекалык үйдүн биринчи кабатына мектеп класстары ачылдыШайлоо 2025: Милиция Атажановдун тарапташынын видеосун териштирип баштадыЧүйдөгү “Гавайи” эс алуу борборунун негиздөөчүсү Журат Абдуллаев каза болду