Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:20

Чүйдөгү “Гавайи” эс алуу борборунун негиздөөчүсү Журат Абдуллаев каза болду


Журат Абдуллаев. Архив сүрөт. Сүрөт Интернеттен алынды.
Журат Абдуллаев. Архив сүрөт. Сүрөт Интернеттен алынды.

Ишкер, Чүйдөгү “Гавайи” эс алуу борборунун негиздөөчүсү Журат Абдуллаев каза болду. Бул тууралуу ал түптөгөн компаниядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 55 жаштагы Абдуллаевдин 19-октябрда кан басымы кескин жогорулап, эсине келбей каза болгон. Аны акыркы сапарга узатуу расмиси бүгүн өтөт.

Журат Абдуллаев иниси менен бирге сүт азыктарын, суусундук чыгаруучу “Үмүт и Ко” компаниясын жана Токмокко жакын жерде “Гавайи” эс алуу борборун түптөгөн ишкер катары белгилүү.

Ал 2022-жылы мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалып, 800 миллион сомдон ашык мүлкүн мамлекетке өткөргөн соң камактан чыккан.

Шерине

XS
SM
MD
LG