CNN: Лавров менен Рубионун кездешүүсү кийинкиге калды

Сергей Лавров жана Марко Рубио. Архив

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун үстүбүздөгү аптада болот деген жолугушуусу кийинкиге калды. Бул тууралуу өз булактарына таянып CNN кабарлады.

Кездешүүнү которууга эмне себеп болгону белгисиз. Телеканал менен маектешкен булактардын бири айтып бергендей, башкы дипломаттардын Украинадагы согуш кандай аякташы керек деген көз карашы бири-биринен айырмаланат.

Министрлердин жолукпай калганы АКШ жана Орусия президенттери Дональд Трамп менен Владимир Путиндин Будапештке белгиленген кездешүүсүнө кандай таасири этери да азырынча беймаалым.

Өткөн аптада орус мамлекет башчысы менен телефондон сүйлөшкөндө Трамп “эмки жумада кеңешчилердин жогорку деңгээлдеги жолугушуусу өтөт деп макулдашылганын” айткан.

Рейтер агенттиги Рубио менен Лавров 23-октябрда кездешерин жазган.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков жолугушуу пландалбаганын, Батыштагы айрым булактардын жазгандарын ырастабай турганын билдирди.

Анын айтымында, кездешүү качан болорун азырынча айтуу эрте, андай маанилүү иш-чара жакшылап даярдалууга тийиш.

Дүйшөмбүдө Рубио менен Лавров Москванын демилгеси менен телефондон байланышып, эки президенттин жолугушуусуна даярдыкты талкуулашкан. Орус тышкы саясий мекемеси "Путин менен Трамп 16-октябрда жетишкен макулдашууларды ишке ашыруу үчүн конкреттүү кадамдар конструктивдүү талкууланганын" билдирген.

Дагы караңыз

Франциянын экс-президенти Саркози беш жылдык мөөнөтүн өтөө үчүн Санте абагына барды Жапониянын өкмөтүн биринчи жолу аял башкарат“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын беш кызматкери кармалды