Кыргызстандын Эфиопиядагы элчиси болуп Адылбек Тултемиров дайындалды

Адылбек Тултемиров

Эфиопияда Кыргызстандын элчилиги ачылып, Адылбек Тултемиров элчи болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Эфиопиядагы элчилик Кыргызстандын Африка континентиндеги алгачкы дипломатиялык мекемеси болуп саналат. Бул өлкөдө элчилик ачуу жарлыгына быйыл жазында өлкө президенти Садыр Жапаров кол койгон.

Жарлыкта бул үчүн Тышкы иштер министрлигине дагы төрт штаттык бирдик ачуу каралган эле.

43 жаштагы Адылбек Тултемиров 2006-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинде иштейт. Ал соңку учурда ТИМдин Эл аралык укуктук департаментинин директору болуп иштеп келген.

ТИМдин сайтындагы маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын 31 өлкөдө элчилиги, он шаарда башкы консулдугу иштеп жатат.

Дагы караңыз

Путин Донбасска көз артат. Кремлдин империялык дымагы Словакиянын соту премьер Фицого кол салган кишини 21 жылга абакка кестиТашовдун иши: Абактагы ачкачылык, мекеменин түшүндүрмөсүУТРК: Тиллебаев кызматтан алынып, ордуна Сатиев келди