Харьковдо бала бакчага, Киевде үйлөргө сокку урулду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түн ичинде Украинанын Киев баш болгон аймактары кайрадан орус армиясынын жапырт соккусуна туш болду. Борбор шаарда жана облуста алты киши каза болгону маалымдалды. Харьковдо пилотсуз учак бала бакчага тийгенде бир нече киши жараат алды. Ал арада АКШ жана Орусия президенттеринин саммити жакын арада өтпөй калганы кабарланды.