Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанда өрт катталган учурлар көбөйгөнүн билдирди. Өткөн тогуз айда 2 миң 284 учур катталган жана бул былтыркы ушул мезгилден 25% көп. Бул убакыт аралыгындагы өрттөн жалпы 40 киши каза болгон, анын 12си балдар.
Өрт коопсуздугу жөнүндөгү мыйзамда министрликтин тиешелүү кызматкерлерине жеке менчик турак үйлөрдү текшергенге укук берилбегени, ага карабай министр Бообек Ажикеевдин буйругу менен турак үйлөр, короолор текшерилип, эскертүү иштери жүрүп жатканы айтылган.
“Кыш мезгили жакындап, электр жылыткычтарын массалык түрдө пайдалана баштайбыз. Аларды колдонууда сөзсүз эски электр чубалгыларын алмаштырып, кыска чыңалууларга жол бербөөгө аракет кылыңыздар. Анткени өрттүн негизги келип чыгуу себептеринин бири электр каражаттары экенин жакшы билесиздер”, - деп жазылган министрликтин кайрылуусунда.
22-октябрга караган түнү Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү №26 турак үйдөн чыккан өрттөн 34 жаштагы келин беш баласы менен (13, 11, 9, 6 жана 2 жашта) каза болду. Жолдошу Түштүк Кореяда иштеп жүргөн.
10-октябрда Чүйдүн Новопокровка айылында газоблок чыгарган заводдо жарылуу болуп, 34 жана 61 жаштагы эки адам каза тапкан. Удаа катталган кырсык боюнча президент Садыр Жапаров өрт боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган.