Тажикстан менен чек араны тактоодо жери алмашууга туш келген тургундарды Баткен шаарынын четиндеги Жаңы Достук айылындагы жаңы курулган үйлөргө көчүрүү иштери башталды. 22-октябрда президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, көчүрүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникасы бөлүнүп, кызматкерлери көмөк көрсөтүүдө.
Маалыматка караганда Жаңы Достукта жалпы 181 турак үй курулуп бүттү. Учурда жол, бала бакча жана башка социалдык объектилердин курулушу, суу жеткирүү, жашылдандыруу иштери жүрүүдө.
Өкүлчүлүк билдиргендей, жаңы үйлөрдө керектүү бардык шарттары каралган жана бул айылга Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынын айрым тилкелеринин тургундары да жайгашат.
“Лейлек районунун аймагындагы айрым алмашылган аймактардын жашоочулары үчүн Раззаков жана Максат айылдарында жалпы 76 турак жайдын курулуш иштери да дээрлик аяктап калды”, - деп жазылган маалыматта.
Учурда Баткен жана Лейлек району боюнча жалпы 257 үй курулууда.
Эки тараптуу комиссия алмашылуучу айылдардагы кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо иштерин сентябрга чейин аягына чыгарган. Анда Баткен облусунан 259 турак үй, Тажикстандын Согд облусунан 214 турак үйгө акт түзүлгөн. Жалпысынан социалдык объектилер, бош участоктор жана үй-жайларды кошкондо 300дөн ашык объект кыргыз тарапка өтөрү айтылган.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. 2025-жылдын март айында Кыргызстан менен Тажикстан чек арасын толук тактаган макулдашууга кол коюлган. Ушул тапта чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат.