Балбан Нурзат Нуртаева күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбан кыз Нурзат Нуртаева Сербияда өткөн жаштар арасындагы чемпионатта (U-23) алтын медал утуп алды. 72 килограммдык салмакта күрөшкөн Нуртаева алгач германиялык, кийин чейрек финалда орусиялык балбандарды жеңди.

Ал эми жарым финалда ал жапониялык балбан менен күрөшүп жеңишке жетишти. Финалда АКШдан келген дүйнө чемпионунун далысын жерге тийгизип, жаштар арасындагы чемпион аталды.

23 жаштагы Нурзат Нуртаева буга чейин 2022-жылдагы жайкы Азия оюндарында күмүш, быйылкы дүйнө чемпионатында коло байгеге татыган.

Дагы караңыз

Трамп Binance криптовалюталык компаниясынын негиздөөчүсүнө ырайым берди Өзбекстанда улуттук генетикалык карта түзүү үчүн калктын ДНКсын текшеришти“Апа, Москвага кетпе!” Мигрант аялдардын айтылбаган арманыБишкек соту: Жээнбеков, Карамушкина, Ниязов сегиз жылдан абакка кесилди