АКШ президенти Дональд Трамп криптовалюта биржасындагы ири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаого ырайым бергенин Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт билдирди.
Анын айтымында, Трамп “өзүнүн конституциялык ыйгарым укугун колдонуп, Байдендин администрациясынын криптовалютага каршы күрөшүндө куугунтукка алынган Чжаону кечирди.”
2023-жылдын ноябрында Чжаого “акчанын изин жашырууга каршы мыйзамдарды бузган” деген кылмыш иши козголуп, ал Binance компаниясынын башчысы кызматынан кеткен. Аны ошондой эле АКШнын санкциясына кирген адамдарга платформа берген деп айыпташкан.
Чжао ага берилген төрт айлык абак жазасын өтөп чыккан. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, ага ырайымдын берилиши Чжаого кайрадан бизнеске кайтууга мүмкүнчүлүк берет.
The Wall Street Journal жазгандай, Трамптын чечими криптобиржанын Америка базарына кайтуусуна мүмкүндүк берет.
2023-жылы компания да акчаны адалдоого каршы АКШнын мыйзамдарын бузганын мойнуна алып, өлкө аймагында иш жүргүзүү укугунан ажыратылган.
Гезит белгилегендей, Трамп президент болуп шайлангандан бери Binance анын үй-бүлөсүнө таандык World Liberty Financial аттуу криптовалюта долбоорун активдүү колдоп келет. Бул бизнес Трамптын байлыгын кыйла арттырганы жазылган.