Тажик президенти өзүнүн ысымы ыйгарылган мектепте "Улут лидеринин музейин" ачты

Президент Эмомали Рахмон медициналык университеттин жаңы корпусунун ачылышы маалында. 24-октябрь 2025-жыл

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кичи мекени – Дангара шаарчасында бир нече жайдын ачылышына катышты. Айрымдарына анын аты берилгенин мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, жаңы мектепке президенттин ысымы ыйгарылды. Курулуш 2024-жылы башталган. 3420 балага эсептелген окуу жайында 57 класс, 24 кабинет, лаборатория, зал жана спорт аянтчасы бар.

Мектепте «Улут лидеринин музейи» да ачылды. Анда Рахмондун өмүрүн жана ишмердигин чагылдырган сүрөттөр чогултулган.

Андан тышкары президентке Дангарада курула турган жаңы турак жай комплексинин планын көрсөтүштү. Басма сөз кызматы райондук борбордо аймактык билим берүү бөлүмүнүн жаңы имараты, Рахшонзами айылында мектеп ачылганын маалымдады.

Дангара районундагы туристтик борбор, футбол аянтчасы, китепкана же бала бакча өңдүү объектилерди президент аралыктан ачты.

Борбор Азия өлкөлөрүндө жетекчилердин керт башына сыйынуу көрүнүшү кала берүүдө. Буга чейин Казакстанда биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин аты берилген мектептер менен университеттер ачылган. Анын ысымы борбор калаа Астанага, шаардагы аэропортко да ыйгарылган. Кандуу Январь окуяларынан кийин экс-президенттин жана айланасындагылардын таасири азайып, жогорудагы өнөкөт токтогон.

Дагы караңыз

Кытай армиясындагы тазалоо: Тогуз генерал кызматтан айдалды Украина: Брюссел Орусиянын камактагы 200 млрд евро активин күрөөгө коёбу? "Аз көлөмдө келүүдө". Бир аптада күйүүчү май дагы кымбаттады