Азербайжандын соту орусиялык Sputnik Азербайжан агенттигинин башкы редактору Евгений Белоусовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үч айга үй камагына чыгарды. Бул тууралуу APA агенттиги жазды.
Белоусов менен агенттиктин директору Игорь Картавых 30-июнда, Баку менен Москванын мамилелери кескин начарлап кеткен маалда кармалып, төрт айга камакка алынган. Медианын кеңсесинде тинтүү жүргөн.
Картавыхты үй камагына 10-октябрда чыгарышкандан кийин ал Орусияга кеткен. Орус тарап өз кезегинде азербайжандык бир жаранды, Сатира театрынын мурдагы директору Мамедали Агаевди бошоткон.
Алардын эркин кылынганы тууралуу 9-октябрда орус президенти Владимир Путин азери мамлекет башчысы Илхам Алиев менен жолугушуусунда былтыр жыл этегинде “Азербайжан аба жолдоруна” таандык учактын жанында орусиялык эки ракета жарылганын айтып, ал үчүн кечирим сурагандан кийин белгилүү болгон.
Азербайжандык маалымат каражаттары Белоусов менен Картавых Орусиянын коопсуздук кызматынын агенттери болчу деп жазган. Расмий түрдө ал маалымат ырасталган эмес. Аларга көз боемочулук, мыйзамсыз ишкердик жана арам акчаны адалдоо беренелери менен айып тагылган.
Москва кырсыкка себепчи болгонун моюнга албай койгон соң Баку менен мамилеси кескин начарлаган. Ортодогу чыңалуу быйыл жайында өзгөчө күчөгөн. Июнда Екатеринбург шаарында азери диаспорасынын 50дөй өкүлү 2000-жылдардын башында болгон кылмыштарга шектелип кармалган. Рейд маалында теги азери ага-ини каза тапкан. Орусия алар жүрөгү кармап өлгөнүн айтса, Азербайжан абакта кыйноого туш болгонун айтып келди.