Орусиянын Киевге жасаган соккусунан эки адам набыт болуп, 10 киши жараат алды

Орусиянын армиясы 25-октябрга караган түнү Украинаны “Искандар-М” үлгүсүндөгү тогуз баллистикалык ракета жана 60тан ашык дрон менен аткылады.

Өлкөнүн Абадан коргоо күчтөрү төрт ракета жана 50дөй учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди. Украин бийлиги ракеталар кайсы аймакка түшкөнү тууралуу маалымат берген жок.

Киев шаарында ишембиге караган түнү катуу жарылуулар болду. Шаар мэри Виталий Кличко борбор калаа баллистикалык ракеталар менен аткыланганын кабарлаган.

Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко соңку чабуулда эки адам мерт болуп, дагы ондой киши жараат алганын билдирди. Полициянын ырасташынча, анда көп кабаттуу үйлөр, бир бала бакча жана машиналар жабыркады жана соккудан улам тутанган өрттү өчүрүү уланууда.

Дагы караңыз

Бишкек милициясы блогер, контентмейкерлерге мыйзам бузбоо тууралуу эскертти Трамптын Борбор Азия боюнча чабарманы Казакстан менен Өзбекстанга баратЖергиликтүү кеңештин депутаттары Манас шаарынын макамын өзгөртүүнү колдодуБишкек: көп кабаттуу үйдөн кулаган аялдын өлүмүнө байланыштуу чет элдик эки жаран камалды БШК: шайлоо күнү чет өлкөлөрдө жалпы 91 добушкана ачылат