Трамп Украинада тынчтык орнотуу келишими ишке аша турган болсо гана Путин менен жолугарын айтты

АКШ президенти Дональд Трамп Катар эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Тани (сол) жана премьер-министр, тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдулрахман бин Жасим Аль-Тани (ортодо) менен жолугушууда.

АКШ президенти Дональд Трамп, Путин менен жолугушуу Украина боюнча тынчтык келишимине жетишүүгө алып келсе гана бул кадамга барарын билдирди.

Трамп бул тууралуу Түштүк-Чыгыш Азияга президенттин Air Force One учагында кетип баратканда журналисттерге айткан. "Убактымды текке кетиргим келбейт" деген ал.

АКШ лидери келаткан бейшембиде Украинадагы согушту жана аны токтотууну Орусияга таасир этүүнү Кытайдын лидери Си Цзинпин менен жолукканда талкууларын белгилеген. Трамп Кытай менен Орусиядан алып жаткан мунай көлөмүн чектөөнү сүйлөшөрүн билдирди.

Трамп Түштүк-Чыгыш Азияга баратканда Катарда токтоп, учак бортунда бул өлкөнүн эмири Тамим бин Хамад Аль-Таниге жана премьер-министрине жолукту. Анда Газанын келечеги талкууланды. Катар ок атууну токтотуу келишимине жетишүүдө ортомчу болгон өлкөлөрдүн бири.

Трамп Газадагы тартипти сактоо үчүн Эл аралык күчтөрдүн катышуусу тууралуу да тема талкууланганын баса белгилеп, зарыл болсо АКШ бул миссияга катышууга даяр экенин билдирди.

Өткөн аптада Трамп Орусиянын президенти менен Будапештте жолугушуусу болбой калганын жарыялаган.

Орусия Украинадагы согушту азыркы чегинде токтотуу сунушун четке каккандан кийин АКШ ири эки орус мунай компаниясына санкция салган. Путиндин атайын чабарманы Кирилл Дмитриев чыр-чатакты дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүнчүлүгү жакындап калганын билдирүүдө.(KS)

Дагы караңыз

Орусия Киевди ракета менен аткылады, кеминде сегиз адам жараат алды Орусиянын Киевге жасаган соккусунан эки адам набыт болуп, 10 киши жараат алды Бишкек милициясы блогер, контентмейкерлерге мыйзам бузбоо тууралуу эскертти