АКШ президентинин администрациясы Орусиянын экономикасынын негизги тармактарына каршы жаңы санкциялар долбоорун иштеп чыкты. Алар Москва Украина каршы согушун токтотууга макул болбогон шартта колдонуларын Reuters өз булактарына таянып билдирди.
Жаңы чектөөлөр Орусиянын банк тармагына жана мунай экспортун камсыз кылган инфраструктураны дагы кыскартууга багытталат. Агенттиктин маалыматында, Киев өткөн жумада Вашингтонду Орусиянын бардык банктарын доллар системасынан чыгарып салууну сунуштаган.
Агенттиктин булагынын айтымында, Ак үй "акыркы чараларга Москванын реакциясын байкап жатканын белгилеп", жаңы санкциялар октябрь айында киргизилбеши мүмкүн экенин кошумчалаган.
АКШда Орусиянын активдерин колдонуу мүмкүнчүлүгү да талкууланып жатат. Reuters белгилегендей, Вашингтон Евробиримдиктин Орусиянын эсеби жабылган каражаттарына америкалык курал-жарыкты сатып алып, Украинага берүү планын колдойт. Агенттиктин маалыматында, АКШда Орусиянын жети миллиард доллары бөгөттөлүп турат.
Европа Биримдигинде орусиялык активдерден түшкөн каражат эсебинен Украинага 140 миллиард евро бөлүү планы талкууланууда. Киев бул каражатты Москва келтирилген зыянды кайра калыбына келтирген күндө гана кайтарат.
Бельгия 23-октябрда юридикалык кесепеттерден корккондуктан бул чечимди бекитүүнү бөгөттөп, талкууну декабрга жылдырган. Le Soir басылмасынын маалыматында, Брюссель Орусиянын активдеринен киреше тапкандыктан чечимди колдогон эмес.
Гезит Euroclear депозитарийинин Орусиянын активдерин кайра инвестициялоодон түшкөн киреше азыр Украинага колдоо көрсөтүү үчүн Еврокомиссияга өткөрүлүп берилип жатканын айтты. Токтотулган активдер Бельгиянын бюджетин толуктап, алардан түшкөн кирешеден салык төлөнөт.
Бельгия бул кирешелердин эсебинен аскердик муктаждыктарга жыл сайын бир миллиард еврого чейин бөлүүнү пландап жатканын Le Soir билдирүүдө.
Америка 22-октябрда Орусиянын эки ири мунай компаниясы "Росневть" жана "Лукойлго" каршы санкция салып, активдеринин эсебин жапкан. Орусия Батыштын санкцияларын мыйзамсыз деп эсептеп келет. Орусиянын президенти Владимир Путин бул аракеттерди Кремлге басым көрсөтүү катары баалап, Вашингтондун аракети эки өлкөнүн мамилелерин бекемдөөгө көмөкчү болбой турганын айткан.(KS)