Бишкек: кабат үйдөн кулаган аялдын өлүмү боюнча кармалгандар эки айга камалды

Камакка алынган эки шектүү.

Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринин балконунан кулаган 37 жаштагы аялдын өлүмүнө байланыштуу кармалган чет өлкөлүк эки жаран 24-декабрга чейин камакка алынды.

Мындай чечимди 25-октябрда Свердлов райондук соту чыгарганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматына ылайык, окуя 24-октябрда шаардагы Фрунзе көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Батирде чет элдик үч жаран (1988-жылы туулган В.Ю, 1987-жылы туулган В.Т. жана 1988-жылы туулган Т.А.) болгон. Үчөөнүн ортосунда чыккан чырдан улам Т.А. балкондон кулап кеткен. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, В.Ю. менен В.Т. кармалган.

Мунун алдында социалдык тармактарда бул окуя тартылган видео тараган. Кечкурун кабат үйдүн сыртынан тартылган тасмада бир киши батирдин терезесинен салаңдап турган адамды көрүп, аны өйдө көтөрүүгө чакырып, алар кытай жарандары экенин айтканын көрүүгө болот. Милиция шектүүлөр кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактай элек.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги бул тууралуу азырынча комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Жоомарт Карабаев сотто суракка алынып, күнөөсүз экенин айттыБишкектин башкы планында трамвай линиясын салуу сунушталдыСадыр Жапаров Кыргызстан 2,5 жылда электр энергиясын импорттобой каларын айттыОрусиянын Киевге соккусунан үч киши каза болуп, 30дан ашыгы жараат алдыПрезидент Жапаров С5+1 саммитине катышуу үчүн АКШга барат