Ташиев Көлбаев менен Матраимов убагында президенттин эскертүүсүн эске албаганын кайталады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевди, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду убагында президент Садыр Жапаров чакырып, “кылмыштуу иш-аракеттериңерди токтоткула” деп айтканын кайталады.

Камчыбек Ташиев кыргыз милициясынын 101 жылдыгына байланыштуу айрым кызматкерлерди сыйлоо иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө бирок алар “кылмыштуу иштерин” токтотпогонун айтып, мыйзамдуу чара көрүүгө туура келгенин айтты.

“Мен силерге бир мисалды айтып берейин. Биздин бир министр мага ыйлап келди. “Отурсам телефонума видео чалуу келди. Алсам ары жагында Көлбаев турат. “Ушул-ушул жумуштарды бүтүрбөсөң азабын тартасың” деди. Мен арыз жазып жумуштан кетем” деди. Мен сага жооп берем, кызматтан кетпейсиң деп алып калып мен чара көрүүгө милдеттүү болдум. Алар кимдер депутат болуш керек, кайсыл партиялар өтүш керек (ред: Жогорку Кеңешке), ким кайсы шаарга мэр болуш керек, ушул маселени да чечип калышкан”, - деди Камчыбек Ташиев.

Атайын кызматтын төрагасы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү укук коргоо органдарын тоготпой, өзүлөрүнүн кишилерин УКМКга чейин жумушка киргизип койгон фактылар бар экенин, алар кызматтан алынганын кошумчалады. Ошондой эле Кыргызстанда мындай топтор түп тамыры менен жок кылынганын билдирди.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган. Кийин алардын “мафиясына байланышы бар” деген 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтан алынганын билдирген. Анын ичинен 76 адам Мамлекеттик бажы кызматынан кеткен.

2024-жылы 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып пул салган. Ал айыбын мойнуна алып, тергөө менен кызматташып, материалдык зыянды төлөгөндүктөн эркинен ажыратылган эмес.

Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекеттик бюджетке 200 миллион доллар төлөп, тергөө абагынан чыкканын айткан.

2021-жылы атайын кызмат Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. (BTo)

Дагы караңыз

Беларус менен Литванын чек арасы дагы бир ай жабык болотТокаев Азербайжандын Борбор Азия-АКШ саммиттине катышуу идеясын колдодуАКШда жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болдуПарламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө 100 добушкана ачылмай болдуБШК талапкер болуу үчүн арыздарды кабыл алуу аяктап баратканын эскерттиCPJ уюму Temirov Live жана "Клоопту" экстремисттик деп тапкан чечимди сынга алды