Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы батир акысы менен турак жай кымбатчылыгы тууралуу талкуу көбөйүүдө. Асман чапчыган баалар тууралуу коомдогу талкуунун негиздүүлүгүн ар кайсы булактардагы статистикалык маалыматтар да тастыктап турат.
Жеке риелтор Мээрим Таалайбекова турак жайдын сатуу баасынын өсүшү батирдин ижара акысын да кошо сүйрөп жүрөрүн айтты. Ал кымбатчылыктан улам капчыгы жукалар бир батирди бир нечеси биригип ижарага алып жатканын же жер тамдарга кирип жатканын белгиледи:
“Сатуудагы батирлер кымбаттаган сайын ижара дагы кымбаттайт. Чет элдиктер, кытайлыктар, Индиядан келген студенттер үчүн да кымбаттап жатат. [Орусиядагы] мобилизациядан кийин батир акысы кымбаттагандан бери такыр түшкөн жок. Ошону менен эле кайра күндөн күнгө өсүп атат. Мурун борбордон – Бишкек Парк, Азия Молл, Филармония жактан ремонту жакшы бир бөлмөлүү батирлер ижарага 10-25 миңге чыкчу. Азыр ошол эле батирлер 45-50 миң сом болуп атат. Азыр 25-30 миңге ашканасы, душу жалпы болгон мейманкана типтеги жатаканалар келет. Баа күн санап өсүп атат. Батир издеген адамдар аябай көп болуп атат. Бирок акча төлөй алышпаганы үчүн алар чогуу жашаганга (подселение) же жер тамдарга кирип атышат. Батир кымбаттаганы үчүн жер тамдар дагы кымбаттады”.
Дагы караңыз Быйыл тогуз айда үч миңден ашык адам мамлекеттик ипотекадан батир алдыДагы бир кыймылсыз мүлк агенти Марсел Бишкектеги ыңгайлуу шарттары бар батирлердин ижара акысы 50-55 миң сомдон башталарын айтууда:
“Ижара акысы кымбаттап жатат. Орусиядан орус жарандары көчүп келгенден баштап суроо-талап көбөйүп, ошондо көтөрүп салган. Мисалы, микрорайондо эки жыл мурда бир бөлмөлүү батирди 30-33 миң сомго жөн эле ижарага алсаңыз болот эле. Азыр 30 эмес, минимум 50-55 миң сом. Дээрлик 40-50% көтөрүлгөн”.
Турак жай жыл башынан бери 35% чейин кымбаттады
Адистер белгилегендей, ижара акысы сатуу баасы менен түз байланышта болгондуктан, Бишкек шаарындагы бааларга назар салып көрөлү.
Строка.KG менчик ресурсу Бишкек шаарындагы батир баасын тынымсыз талдап турат. Анын талдоосу жыл башынан бери көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин сатуу баасы 25% өскөнүн көрсөтөт. Соңку беш жылдагы өсүү эки эсеге жакын болгон. Башкача айтканда, көп кабаттуу үйлөрдөгү батирдин чарчы метри 2020-жылдын октябрында 787 доллар болсо, быйылкы октябрда 1524 долларга чыкты.
Тармактагы адистер баанын өсүп жатышына инфляциянын таасирин негизги жагдайлардын бири катары аташат. Бирок турак жай рыногундагы кымбаттоо инфляциянын көлөмүнөн бир кыйла ашып кеткени көрүнүп турат.
Улуттук статистика комитети быйылкы жылдын январь-сентябрь айларындагы инфляцияны 8,4% деп көрсөткөн. Ошол эле маалда, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик батирдин баасы 19%, жер тамдар 35% кымбаттаганын белгилейт. Мындайча айтканда, кымбаттоо инфляциянын көрсөткүчүнөн 10-25% ашып түштү.
Баанын өсүшү андан бери дагы деле уланып жатат. Бишкекте жер тамдын баасы 35,7%, батирдики 17,5% өстү. Ош шаарында болсо жер тамдар 25,8%, батирлер 23% кымбаттады.
Турак жай базарындагы мындай кымбаттоону мамлекеттик талдоо дагы ырастап, анын өр тарткан багытына байкоо салып келет. Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик Кыргызстандагы кыймылсыз мүлктүн баасына мониторинг жүргүзүп, ай сайын баа индексин жарыялап турат.
Ага карасак, турак жайдын чарчы метринин баасы 2021-жылдын сентябрынан 2025-жылдын сентябрына чейинки төрт жыл аралыгында эки эседен ашуун кымбаттаган. Өсүш жыл сайын орточо 25% болуп келе жатат. Өзгөчө жер тамдардын баасы ылдамыраак өсүп жатканы байкалат.
"Шаарларда суроо-талап улам өсүп барат"
Агенттик турак жайдын кымбатташына түрткү берген бир нече жагдайды көрсөтүүдө. Биринчиси - жогорку суроо-талап сунуштан ашып түшүүдө. 2025-жылдын тогуз айында өлкөдө турак жай курулуштарына салынган инвестициянын көлөмү көбөйдү – 90 млрд сом жумшалып, өткөн жылдын ушул мезгилине караганда эки эсе өскөн. Бул мезгил ичинде турак жай аянты 2024-жылдагыга караганда 6,36% көп колдонууга берилди. Анын көбү Бишкекте жайгашкан – мурункудан 96,2 миң чарчы метрге көп (жалпы ишке берилгени 230 миң чарчы метр). Бул 71,8% көп дегенди билдирет.
Колдонууга берилген турак жайлар Нарын облусунда 16,3%, Ош облусунда 14%, Ысык-Көлдө 4,6% жана Ош шаарында 13,2% көбөйгөн.
Суроо-талаптын өсүшү менен катар шаарлардагы жер тилкелеринин баасы да көтөрүлүүдө. Маселен, 2024-жылы жер тилкелеринин баасы 2019-жылга салыштырмалуу үч эсе өскөн.
Кымбатчылыкка олуттуу таасир кылган жагдайлардын дагы бири – мамлекеттик ипотекалык компанияны эске албаганда, социалдык багыттагы долбоорлордун жоктугу.
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин адиси Айдар Сукенбаев турак жайдын кымбатташына таасир кылган айрым жагдайларды атады:
“Жылдын башынан бери тогуз айдын ичинде республика боюнча турак жай багытындагы кыймылсыз мүлктү сатып алуу же сатуу келишимдеринин саны 51 миңден ашты. Бул өткөн жылдын мезгилине салыштырмалуу 9% көп. Ош шаарында сатып алуу-сатуу келишимдеринин өсүшү 29-30% түзсө, Бишкек шаарында 10%га өсүп, 17294 келишимди түзгөн. Өсүш эмненин негизинде пайда болуп атат? Биринчиден, курулуштардын ири шаарларда топтолушу. Ошондой эле, ири шаарларга ички жана тышкы миграциянын агымы, инфляция. Инфляциянын ичине турак жай куруудагы материалдардын жана энергоресурстардын кымбатташы таасирин тийгизип атат”.
Ички миграциядан жана өлкөгө келип жаткан башка миграциялык агымдардан улам Бишкек менен Ошто калктын саны өсүүдө. Расмий статистикага ылайык, Бишкекте 2025-жылдын башына карай калктын саны 2,1% өскөн, бул 27 миңдей адам же 9 миңдей үй-бүлө дегенди билдирет. Мындай эсептөөлөрдөн улам бир кишиге 19 чарчы метр деген санитардык нормадан алчу болсок, анда ал кишилерге 325 миң чарчы метр турак жай керек. Борбор калаада болсо тогуз айда болгон-бүткөнү 230 миң чарчы метр турак жай колдонууга берилген.
Кыймылсыз мүлктүн баасына таасир кылган курулуш материалдарынын, энергоресурстарынын жана тарифтердин баасына саресеп салсак, алардын айрымдарынын беш жылдагы өсүшү эки эседен ашкан.
Numbeo ресурсунун 2025-жылдагы дүйнөлүк рейтингинде Бишкек Борбор Азияда жашоо-шарты Алматыдан арзан, бирок Астана менен Ташкенттен да кымбат шаар деп табылган. Шаарлардагы жашоо баасынын индекси тамак-аш, ресторан, транспорт жана коммуналдык кызматтар өңдүү товарлар менен кызматтардын керектөө бааларын талдайт.