Жалолидин Нурбаев БШКнын чечимине каршы сотко кайрылды

Жалолидин Нурбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын аны талапкер катары каттоодон баш тарткан чечимине каршы сотко кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзү ырастап, арыз Бишкек шаарынын административдик сотуна жазылганын айтты.

“Боршайком айтып жаткан 2006-жылы козголгон эч кандай кылмыш ишим жок. 1996-жылдагы иш “саясий негизде” козголуп, аягында биз акталганбыз. Ал боюнча менин соттуулугум жок”, - деди Нурбаев.

28-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз берген төрт жаранды каттоодон баш тарткан. Алардын бири Жалолидин Нурбаевди каттабай коюуга ага мурда козголгон кылмыш иши негиз болгон. БШКнын жумушчу тобунун өкүлү бул айып мыйзамсыз маңзат даярдоо, колдонуу, сактоо жана ташууга байланыштуу экенин билдирген.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, парламентке шайлоо тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо, бири эркек болушу шарт).

Дагы караңыз

Тогуз айда өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандарга 11,7 млн сом айып салындыИИМ Шайлообек Атазовдун үйүндөгү тинтүү тууралуу эски видео тарап жатканын билдирдиТашиев Көлбаев менен Матраимов убагында президенттин эскертүүсүн эске албаганын кайталадыАкыйкатчы Жаманбаева өлүм жазасын киргизүүгө каршы экенин билдирди