Улуу Британиянын падышасы Чарльз IIIтүн иниси, ханзаада Эндрю бардык титулдарынан ажыратылат жана Виндзор сарайынын аймагындагы падышалык апартаменттерден кетиши керек болот.
Букингем сарайынын 30-октябрдагы расмий билдирүүсүндө Эндрюну бардык ардактуу макамдардан, титулдардан ажыратууну падыша демилгелегени, ага Royal Lodge резиденциясынын ижара келишимин токтотуу тууралуу расмий кат жөнөтүлгөнү, өзү башка жеке турак жайга көчөрү маалымдалды. Би-Би-Си ал Норфолктогу падышалык Сандрингем жайына көчүп барарын, акысын падыша өз каражатынан төлөп турарын кошумчалады.
Эндрю маркум каныша Елизавета IIнин экинчи уулу. Ал тууралуу америкалык финансист, жашы жете электерди сексуалдык эксплуатациялоо үчүн сатууга айыпталган Жеффри Эпштейн менен байланышта болгон деген сөз тараган. Эпштейн 2019-жылы абакта каза болгон. Америкалык Виржиния Жуффре аттуу аял 17 жашында Эпштейндин адам сатуусунун курмандыгына айланганын жана Эндрю менен жакын катнашта болгонун айтып чыккан.
Падышалык сарайдын билдирүүсүндө Эндрю анын дарегине айтылып жаткан айыптоолорду четке кагып келатканы, бирок, ошого карабастан, мындай чара зарыл деп эсептелингени айтылып, зомбулуктун кайсы гана түрүнүн курмандыгы болбосун, ар бир адам үчүн жан кейигени белгиленди.
Букингем сарайы билдиргендей, эми падышанын инисинин аты Эндрю Маунтбеттен-Виндзор болот.
Жакында ал өзү Йорк герцогу деген титулунан баш тартканын жарыялаган.
Титулдан ажыроо тактыга кезектен чыгып калуу дегенди билдирбейт, Эндрю бул кезекте азыр 8-орунда турат. (RK)