Орусияда кыргыз мигранттарын опузалап жүргөн топ Жалал-Абаддан кармалды

Колуна кишен салынган адам. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандарын опузалап жүргөн үч адамдан турган уюшкан кылмыштуу топ Жалал-Абад облусунда жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалгандар – К.Н.К., С.Д.С. жана С.Б.Д. аттуу жарандар Кыргызстанда мурда оор кылмыштар боюнча кылмыш жообуна тартылган.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аныкталгандай, жогоруда аталган адамдардын тобу Орусиядагы кылмыштык аракеттерин криминалдык авторитет Камчы Көлбаевдин жакындарынын колдоосунда жасап жүрүшкөн. Алар кыргыз мигранттарын опузалап акча талап кылып, шантаж жана коркутуу менен алектенишкени такталган.

Кармалган адамдар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Атайын кызмат бул адамдардын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылууну суранат: 0(3722) 5-60-49, 0995 01-22-10.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. Мүлкү мамлекеттин карамагына өткөн. Ошондон бери аны менен байланышы бар делген бир катар адамдар камалып, айрымдары абактан чыккан.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев ошондон бери уюшкан кылмыштуу топ менен аёосуз күрөшүп жатканын, мындан ары Кыргызстанда “мыйзамдагы ууру” деген түшүнүк болбой турганын кайталап келет. (ErN)

Дагы караңыз

БШК шайлоого катышууга арыз бергендердин теңине жакынын каттадыГермания Украинага Patriot системасын берди