3-ноябрдын таңына карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга ниетин билдирген 255 адам талапкер катары катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматтан белгилүү болду.
Округдар боюнча талапкерлердин саны үчтөн 15ке чейин жетет. Калган адамдардын документтерин текшерүү уланууда.
БШК 2-ноябрда үч адамды каттоодон баш тартты. Анын бири мурда уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен чогуу сүрөткө түшкөнү себеп катары көрсөтүлсө, калган экөөнө акыркы беш жыл ичинде бир жылда алты айдан ашык чет жакта жүргөнү жүйө келтирилген.
30-октябь, саат 18:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү аяктаган. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, баш-аягы 589 адам шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга арыз берген. Алардын 365и эркек, 224ү аял. Ошол күнгө карата 168и талапкер болуп катталса, 19 киши арызын кайра кайтарып алган, Боршайком жети адамды каттоодон баш тарткан эле.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрдан 29-ноябрга чейин уланат. Добуш берүү 30-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин болот. Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгышы керек.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт). (ErN)