Номад ТВ: Жаңы телеканалдын артында ким турат?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда “Номад ТВ” аттуу жаңы телеканал ачылып, аудиторияга жергиликтүү медиа катары сунушталууда. Ага Орусияга таандык медиада иштеп кеткен бир катар кызматкерлер өтүп, башка маалымат каражаттарынан да журналисттер тартылды. Мунун фонунда телеканалды Кремлдин башкы пропагандисттеринин бири Маргарита Симоньяндын жакын шакирти сүрөп жатканы маалымдалды.