5-ноябрдын аба ырайы: көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 4-5-ноябрларда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы ыктымал. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал багууда түйшүк жаратат. 6-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын температурасы -1…-3° болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн.

5-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көлдүн батыш тарабында 19-24 метре жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында ​түнкүсүн 0…5 күндүз 1…6;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз -1...+1° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Дагы караңыз

Президент Жапаров электр энергиясын сатууда "чектөөсүз тарифти” токтотууну тапшырдыКыргызстанга чет өлкөдөн убактылуу кирген автоунааларды пайдалануу тартиби өзгөрдүБишкекте бир нече жолу ок чыгарып, кошунасын коркуткан жаран кармалдыЭнергетика: "Чексиз тариф" токтойт, эми жарык өчпөйбү?