Эксперт-психолог менен тергөөчү коррупциялык схема түзүүгө шектелүүдө

УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Республикалык психиатрия жана наркология борборунун эксперт-психологу А.Ч.Ш. жана Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысынын орун басары А.у Ж. коррупциялык схема түзүүгө шектелип жатканын кабарлады. Атайын кызматтын 4-ноябрдагы маалыматына ылайык, шектүүлөр алдын ала сүйлөшүп алып, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарды кылмыш жоопкерчилигинен куткаруу максатында “акыл-эси жайында эмес” деп мыйзамсыз чечимдерди чыгарып келишкени аныкталган.

УКМК быйыл январда тергөөчү А.у.Ж. кылмыш ишин тергөө учурунда баңгизат сатуу боюнча кармалган 17 жаштагы М.А.А. аттуу жарандын туугандарынан 1,5 млн сом алганын жана психолог-эксперт менен алдын ала сүйлөшүп, баштапкы корутундуну бурмалаганын билдирүүдө.

"Алар эксперименталдык-психологиялык экспертизанын баштапкы корутундусун бурмалашкан, соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгында кармалган М.А.А. эки жолу "Акыл-эси жайында эмес" деп табылган", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Шектүүлөр атайын кызматтын убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланып жатканы айтылды.

Өткөн айда Кыргызстанда психиатриялык ооруканада жатып кылмыштуу топ түзгөн деп 40 жаштагы киши камакка алынган. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, жети жыл мурун укук коргоо органынын мурдагы кызматкерин өлтүргөн деп айыпталган жаран жазадан качуу үчүн “акыл-эсинен айныган” деген жасалма аныктама алган.

Мунун алдында психиатриялык ооруканада Бишкек шаарынын тургунун 1 миллион 13 миң сомго алдап кеткендер кармалганы белгилүү болгон. Алар өздөрүн Улуттук коопсуздук комитетинин жана милициянын кызматкери катары тааныштырып, сим-бокс деп аталган атайын жабдыктарды колдонушкан. Аталган жабдык Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык мекемеден табылган.

Бул психиатриялык оорукананын бейтаптары кылмыш кылган жалгыз учур эмес. 2014-жылы февралда мажбурлап дарылоо бөлүмүндө жаткан Заур Магомедов аттуу бейтап түнү качып чыгып, Балыкчыда эки милиция кызматкерин атып, из жашырып кеткени маалым болгон. Бир нече күндөн кийин Токтогул шаарында колго түшүрүү боюнча милициянын операциясы маалында ал атып өлтүрүлгөн. Үрөй учурган окуя ошол кезде коомдо жана парламентте катуу талкууланган. (КЕ)

Дагы караңыз

5-ноябрдын аба ырайы: көпчүлүк аймакта кар жаайтПрезидент Жапаров электр энергиясын сатууда "чектөөсүз тарифти” токтотууну тапшырдыКыргызстанга чет өлкөдөн убактылуу кирген автоунааларды пайдалануу тартиби өзгөрдүБишкекте бир нече жолу ок чыгарып, кошунасын коркуткан жаран кармалды