Президент Садыр Жапаров иш сапары менен АКШга барды

Президент Садыр Жапаровдун АКШга сапары. Вашингтон. 5-ноябрь, 2025-жыл

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШнын лидери Дональд Трамптын чакыруусу менен Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барды. Мамлекет башчыны 5-ноябрда Вашингтондогу “Эндрюс” авиациялык базасында АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур тосуп алды.

Президенттин администрациясы маалымдагандай, сапары алкагында Садыр Жапаров "С5+1" форматындагы мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышат. АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуусу да пландалууда.

Иш-чара "С5+1" диалог платформасынын 10 жылдык мааракесине карата уюштурулууда. Анда Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр болот.

6-ноябрдагы саммит Трамптын Азия-Тынч океан аймагындагы “минералдык дипломатиясынын” уландысы болуп саналат. Бул жолугушуу Трамптын Кытай лидери Си Цзиньпин менен сүйлөшүүсүнөн кийин өтүп жатат.(ZKo)

Дагы караңыз

АКШ: Өкмөттүк каржылоонун токтошу өлкө тарыхындагы эң узак шатдаун болуп калды Орусиянын коргоо министри өзөктүк сыноолорго даярдык көрө баштоону сунуш кылдыПхеньян Москвага миңдеген аскер жана сапёр жөнөткөнү кабарландыАйзирек Эралиеванын өлүмү: Ош облустук сотунда ишти кароо уландыАКШ - Борбор Азия: Сейрек минералдарга кызыгуу, Кытайга атаандаштык