Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында бүгүн 6-ноябрда Кыргыз эл акыны Омор Султановдун 90 жылдыгына арналган адабий-музыкалык иш-чара өтүп жатат.
Анда улуу акынды замандаштары жана каламдаштары эскерип, ырлары окулуп, бир катар композиторлор обон чыгарган ырлары жандуу аткарылууда.
Иш-чарада акындын 90 жылдыгына арналып чыккан "Жолум узак, эң узак" аттуу тандалмалар жыйнагынын бет ачары да болуп, окурмандардын колуна тийди.
Омор Султанов 1935-жылы Тосор айылында жарыкка келген. Анын чыгармачылыгы өткөн кылымдын 60-жылдары эл оозуна алынган. "Сен жөнүндө поэма", "Чарчоонун жүзүнчү ыры", "Отузунчу станция" жана башка бир катар поэтикалык ыр жыйнактардын автору. Акын 2022-жылы 87 жашында дүйнөдөн кайткан.(ZKo)