Талиптер ойрон кылган Кабылдын Соода борбору кол салуунун эртеси күнү. 19-январь, 2010.
Талип согушчандарынын Кабылдын как ортосундагы мыкты корголгон бөлүгүнө жасаган чабуулу - алардын эл жыш жайгашкан жайрга кол салып, кырдаалды курчутууга ынтызар экенин айкын кылды.
Шүгүр, өз коопсуздук күчтөрүбүз бир нече саатта 7 жанкечтини жок кылып, кырдаалды контролдой алды. Арун Мир
Калаба кабылдыктарды кыжаалатка салды
Кабылдык Жамал Насир Ройтерс агенттигине чабуул шаардыктардын үрөйүн учурганын, ушундан кийин жакындарынын бири тыш өлкөгө кетүүнү туура көргөнүн айткан:
- Кечээ Кабылда өтө коркунучтуу жагдай болду. Элдин баары дүрбөп, жандары чыкты. Кечээки окуядан кийин туугандарымдын бири өлкөдөн чыгып кетүүнү туура тапты.
Калабада үч ооган жоокер жана эки жаран өлүп, 70 киши жарадар болгон.
18-январдагы шойкон АКШ жана НАТО аскерлеринин командачысы, генерал МакКристалдын шаарларды коргоо стратегиясы үчүн чоң сыноо болду. Ал планга ылайык, жаңы келген 40 миң кол түштүктөгү Гелман жана Кандагардын көп элдүү шаар-кыштактары менен Пакистанга чектеш чыгыш аймактарга жайгаштырылат. Ал эми Кабылды ооган армиясы өзү кайтарып калат. Бул, Стенлинин оюнча, элдин улуттук армияга болгон ишенимин артырууга тийиш.
Ооган армиясы сыноодон өттү
Арун Мир - Ооганстандын саясат жана изилдөө боборунун башчысы. Ал 18-январдагы талиптердин Кабылдын ортосундагы чабуулу өкмөттүн кемчиликтерине катар армиянын күчүн да көрсөттү деп эсептейт:
- Эгер жоо каруу-жарак, жардыргыч заттары менен бирге аскерий бекеттен өтүп кете алса, полиция жана ооган өкмөтү али
Кабылдын жайма базарларында кадыресе соода жүрүүдө. 19-январь 2010.
алсыз экен. Алар адамдарга жана имараттарга кол салып, көп адамды өлтүрүшү мүмкүн эле. Шүгүр, өз коопсуздук күчтөрүбүз бир нече саатта жети жанкечтини жок кылып, кырдаалды контролдой алды. Бул чоң жетишкендик.
- Чабуул пландын айрым кемчилигин көрсөттү. Себеби талиптердин акыркы операциясы көп элдүү борборлорду басып алууну көздөбөдү деп ойлойм. Алар элди өлтүрүп, имараттарга зыян келтирип, кооптуу жайлар көп экенин көрсөтүүнү каалады.
Ооганстандын чалгындоо кызматынын башчысы Амрулла Салих дүйшөмбү күнү кабарчылар менен болгон кездешүүдө Кабылга кол салууну эски мужахиддин, азыр Пакистанды баш паанек кылган Жалауддин Хакани жана анын уулу Сиражиддин башындагы талиптердин тобу уюштурганына ишаара кылган.