ХАМАС барымтадагы 20 адамды, Израил абактагы палестиндерди бошотту

Согушкерлердин барымтасынан бошотулган Гай Гильбоа-Далал, 13-октябрь, 2025-жыл

Газа тилкесинде 2023-жылдан бери барымтада отурган 20 адам бошотулду. Израил өз тарабынан 2 миңдей палестинди түрмөдөн азат кылат. 13-октябрда эртең менен АКШнын президенти Дональд Трамп Израилге барды.

ХАМАС (АКШ менен Европада террордук уюм катары таанылган) Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрүнө эки жылдан ашуун барымтада отургандардын алгачкы тобун өткөрүп берди. Бул 2023-жылдын октябрында Израилге кол салуудан кийин Газа тилкесинде башталган тынчтык сүйлөшүүсүнүн башкы талабы болчу.

Барымтадагыларды өткөрүп берүүдөн мурда израил медиасы бошотуу эки баскыч менен өтө турганын кабарлаган. Биринчи топ мурда айтылгандай, жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00до Нецарим коридорунан, калгандары саат 10:00до Хан-Юнисте кайтарылмак.

Эл аралык медиа жети адам Газа шаарында Кызыл чырымга өткөрүлүп берилгенин кабарлады. Маалыматтарга караганда алар: Гали жана Зив Бермандар, Матан Ангрест, Алон Охель, Омри Миран, Эйтан Мор и Гай Гильбоа-Даллаль.

Андан кийин барымтадагылардын экинчи тобу Кызыл Чырымга өткөрүлүп берилгени маалым болду. Алар: Бар Куперштейн, Ром Бреславски, Нимрод Коэн, Эвьятар Давид, Элькана Бухбут, Сегев Кальфон, Авинатан Ор, Йосеф Хаим Охана, Максим Харкин, Эйтан Хорн, Матан Цангаукер, Давид Кунио жана Ариэль Кунио.

Ал арада Израил абагында отургандар түшкөн алгачкы 38 автобус Газа тилкесинин аймагына киргени белгилүү болду. Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарында алардын жакындары чогулду. Ок атышпоо келишимине ылайык, Израил өз тарабынан өмүр бою кесилген 250 палестиндикти жана согуш башталгандан бери түрмөгө салган 1700 адамды бошотууга тийиш.

Дагы караңыз Газа секторунда атышпоо режими иштеп жатат

Буга чейин медиа ХАМАСтын (АКШ менен Европада террордук уюм катары таанылган) өкүлдөрүнө таянып, 2023-жылдын 7-октябрында туткунга алынган адамдар 12-октябрда кечке жуук бошотуларын жазышкан.

Израил болсо туткундар саат 6да бошотуларын билдирген. Ок атышууну токтотуу келишимине ылайык, туткундарды бошотуу мөөнөтү 13-октябрда түштө аяктайт.

ХАМАС мындан тышкары барымтада каза болгон 28 адамдын сөөгүн да өткөрүп берери айтылды. Бирок азырынча жасаттар тирүү адамдар менен бир учурда берилеби же жокпу белгисиз.

Израилде абакта жаткан палестиндер туткундагылар бошотулуп, Израилдин аймагына келери менен эркиндикке чыгарын кабарлашты. Бир катар медиалар кабарлагандай, ХАМАС палестиндик кыймылдын мүчөсү саналып, терроризм беренеси менен соттолбогон жети адамды кошо эркиндикке чыгарууну талап кылууда.

Ак үй президент Дональд Трамп Израилге жол тартканын, ал жакка дүйшөмбү эртең менен барарын билдирди. Ал Кнессетте сүйлөп, барымтадан бошотулган жети адамга да жолугары айтылууда. Андан кийин ал Египеттин Шарм-эш-Шейхте Газадагы согуштун аякташына байланыштуу 20дай дүйнөлүк лидердин катышуусунда өтчү саммитке катышат.

Буга чейин Израилдин өкүлдөрү жыйынга барбай турганы айтылып жаткан. Бирок кечирээк премьер-министр Нетаняху дүйшөмбүдө бара турганы кабарланды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Газанын келечеги: Египетте "тынчтык саммити" өтөт

Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббастын дагы Шарм-эш-Шейхке барды. Саммитке Франциянын президенти, Германиянын канцлери, Британиянын премьер-министри ж.б. араб жана ислам өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.

Трамп сунуштаган тынчтык келишимин ишке ашыруу планынын биринчи баскычына ылайык өткөн жумада Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу астында Израил менен ХАМАСтын (АКШ менен Европада террордук уюм катары таанылган) сүйлөшүүсү өткөн. Египетте өткөн бул сүйлөшүүдө Газадагы израилдик аскерлерди чыгарып кетүүгө жооп катары ХАМАС барымтадагылардын өлүү-тирүүсүн кошкондо 48 адамды өткөрүп берерин билдирген. Израил ага жооп катары өмүр бою эркинен ажыратылган 250 палестиндикти жана Газада согуш башталгандан бери абакта кармалып турган 1700 адамды бошотууга тийиш.

Өткөн аптанын жумасынан бери тилкеде ок атышуу токтоп турат. Азырынча Газанын жана ХАМАСтын келечеги тууралуу келишим жок.