"Ирандын көчөлөрү өзгөрдү". Хижабдан баш тарткан аялдар

Тыюу салууга карабай Тегерандын көчөсүндө жылаңбаш бараткан аял. 12-декабрь, 2024-жыл.

мазмуну

  • Иранда кыз-келиндер камакка алынып, түрмөгө түшүү коркунучуна карабастан коомдук жайларда хижаб кийүүдөн баш тартууда. Аялдардын айтымында, мындай каршылык өлкөнүн ири шаарларынын көчөлөрүнүн көрүнүшүн түп-тамырынан өзгөрттү.

Ирандык журналист Зейнаб Рахими коркутууга жана камоого карабай хижаб кийүүдөн эки жылдай баш тартып келди.

Ал эл көп жүргөн жерде башын жоолук менен жабууга макул болбой, өлкөнүн руханий бийлигине чакырык таштаган кыз-келиндердин бири.

"Мага аялдар өзү каалагандай кийинип, чачын жазып жүргөнү жагып жатат", - деди Рахими Тегерандын көчөсүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу "Фарда" (RFE/RL) радиосуна айтып жатып.

"Мындайды өлкөбүз көп жылдан бери көрө элек болчу", - деп кошумчалады 22 жаштагы кыз. "Башты ороп-чулгоого нааразы адамга бул жагымдуу сезим".

Хижабдан баш тарткан аялдар.

Чукул бурулуш

2022-жылы Иранда өкмөткө каршы нааразылык акциялары өткөн. Ага хижаб мыйзамын бузган деген айып менен кармалып, абакта каза болгон Махса Амини аттуу кыздын өлүмү себеп болгон.

Нааразылык акцияларына чыккандардын алдыңкы сабында аялдар турган. Алардын айрымдары хижабдарын чечип, өрттөгөн. Бул демонстрациялар өлкөгө жайылып, акыркы жылдардагы бийликке коркунуч туудурган окуяга айланган. Айрым митингчилер анда дин кызматкерлери башкарган режимдин жоюлушун да талап кылышкан.

Нааразылык акцияларынан кийин бийлик башында тургандар хижаб мыйзамын дагы катаалдаштырууга аракет кылган. Иран бийлиги аялдарды хижаб кийүүгө 1979-жылдагы Ислам революциясынан көп өтпөй милдеттендирген.

Катаал көз караштагы мыйзам чыгаруучулар былтыр хижабга байланыштуу талаштуу мыйзамды кабыл алышкан. Ага ылайык, хижаб кийүүдөн баш тарткандар абакка кесилип, чоң айып пулга жыгылып жана саякаттоого чек коюлган.

Бирок башаламандыктан чочулаган Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңеши "Хижаб жана Абийир" мыйзамын ишке ашырууну убактылуу токтоткон.

Ирандын Жогорку лидерине кеңеш берүүчү Максаттуулук кеңешинин (Expediency Council) бир мүчөсү бул айда хижаб мыйзамын аткаруу мүмкүн эмес экенин билдирди.

Мохаммад Реза Бахонар 3-октябрда журналисттерге маек куруп жатып, деги эле "хижаб кийүүгө милдеттендирген мыйзам жоктугун" билдирди.

Анын мындай пикири катаал позицияны кармангандарды нааразы кылды. Ошол эле маалда бийликтин хижаб эрежелерин жумшартканы ири шаарлардагы реалдуулукту шардана кылгандай болду. Ислам Республикасы хижабга өлкөнүн тирөөчүндөй эле карап келген.

Кайтарымсыз өзгөрүүлөр

"Фарда" радиосу Ирандын жети шаарында жашаган 12 аял менен маектешкен. Алардын айтымында, акыркы жылдары көчөлөрдө, кафе жана ресторандарда жоолугу жок жүргөн кыз-келиндердин катары калыңдаган.

Ирандык журналист Рахиминин айтымында, аялдар хижабдан акырындык менен баш тартып келет.

Анын айтымында, 2022-жылкы нааразылык акцияларынан кийин аялдар жоолукту баштыгына салып же ийинине арта салып жүрүшчү. Бу хижаб мыйзамын көзөмөлдөгөн жана эл арасында коркунуч жараткан адеп полициясына кокус жолугуп калса, дароо ороно калуу максатында жасалган сактык чарасы эле.

"Азыр аялдар жылаңбаш эле сыртка чыгууда", - деди Рахими. Алар эми оронбойт, ийине артып же сумкасына салбайт".

Рахими жаңы өзгөрүүлөргө карабастан, бийликтин каарынан коркуп, жоолукту чечпей жүргөн кыз-келиндер арбын экенин белгиледи.

Батыш стилинде кийинип турган кыз. Иран.

Хижаб мыйзамына каршы маанай ири шаарларда күч эле. Азыр эми чакан калааларда жана айыл-кыштактарда да аялдын укуктарына, анын ичинде кийим тандоо эркиндигине карата көз караштар өзгөрүп, кыз-келиндер бийликке каршылык билдире баштады.

Ирандын түштүк-батышындагы Ясудж шаарындагы бир аял (аты-жөнү жашыруун бойдон калды) мындай деди:

"Ясуджда Тегеранга караганда хижабсыз көчөгө чыккан аялдар аз, бирок жергиликтүү эл бул аялдарды баатырдай эле көрөт".

Көптөгөн ирандык аялдар жаңы өзгөрүү кайра бузулбайт деп ишенишет.

"Бул өзгөрүүнү токтотуу же көзөмөлдөө мүмкүн эмес", - дейт ирандык аялдардын күрөшүн документтештирип келген режиссёр Можган Иланлоу "Фарда" радиосуна. Бирок бул өкмөт хижабга карата позициясын өзгөрттү дегенди да билдирбейт".

Иланлоунун айтымында, бийлик ирандык аялдардын чечкиндүү аракетинен жалтанып, артка чегинүүгө мажбур болгон. Бул аялдар кийим тандоо укугу үчүн тайманбай күрөшүп, эми ошол жетишкендикти "сактап калууга умтулууда".

"Бийлик бул аракетти күч менен басса, анын куну кымбатка түшөрүн жана кадыр-баркына олуттуу зыян келерин беш колдой билет", - дейт ал.