Бишкектин шаардык сотунда 23-октябрда Кой-Таш иши боюнча отурум уланып, сот биринчи инстанциянын чечимин дээрлик өзгөртүүсүз калтырды.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июнда “Кой-Таш иши” боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Анын бийлиги тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп турган Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга жана Ирина Карамушкина 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга кесилген.
Мурдагы президенттин тарапташтары Канат Сагымбаев, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Канат Осмоналиев, Рысбек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Марат Шаменов, Амангелди Какебаев 3-5 жылдык пробациялык көзөмөл түрүндөгү жаза алышкан.
"Судья Матраимовдун жактоочусу болуптур"
"Кой-Таш иши" боюнча соңку отурумда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов акыркы сөзүн сүйлөп, бул ишти тергеген тергөөчүлөрдүн дарегине нааразылыгын билдирди.
“Азыр айыпталып жаткандар, анын ичинде мен да бармын, биз эч кимди кармап алган эмеспиз, барымтага алган эмеспиз. Биз атайын даярдыктагы аскерлерди куткарып калганбыз”, - деди Ниязов.
Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын даярдыктагы “Альфа” тобунун Кой-Ташка жөнөтүлгөнү “аскердик кылмыш болгонун, буга да кийин акыйкат чечим чыгарын” айтты.
Айыпталуучулар арасынан Ирина Карамушкинанын абактагы мөөнөтү сегиз жылга көбөйтүлүп, мүлкү конфискациялансын деген чечим чыкты.
"Мен үйдү 2012-жылы алгам. Бул өч алууну түшүнө албай жатам", - деди Карамушкина сот залынан.
"Альфачылар барымтада болбогонун айтышты. Эч кандай дооматтары жок экенин да айтышты. Бирок жабырлануучулардын, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө карабай бизге ушундай чечим чыгып жатат. Райондук соттун чечиминде менин мүлкүмдү конфискациялоо деген нерсе жок эле", - деди Ирина Карамушкина.
"Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү Ирина Карамушкина 2024-жылы ноябрда жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоо алдында кармалып, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча айып тагылган.
Бишкек шаардык соту Ирина Карамушкинаны күнөөлүү деп таап, пробация менен абактан бошоткон райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Дагы караңыз Шайлоо алдында "Социал-демократтардын" үч мүчөсүнүн өкүмү өзгөрүүсүз калдыЖактоочу Айбек Турдуев бул иш боюнча сот чечимин Кой-Таш окуясына кошуу мыйзамга каршы келерин айтты:
"Биз үчүн күтүүсүз болду, мыйзамсыз чечим чыкты деп ойлойбуз. Биринчи соттун чечимин дагы, экинчи соттун чечимин дагы мыйзамсыз деп эсептейбиз. Сегиз жылга көбөйүп кеткени дагы мыйзамсыз. Себеби, соттун башка соттун чечимин жокко чыгарууга укугу жок. Ал соттун өз эрежеси бар. Бул жакта пробацияны жокко чыгарып, бул жакка кошуп жатат. Бул мыйзамсыз, мыйзам буга жол бербейт. Соттук коллегия мыйзамды туура эмес талкуулап жатат деп эсептейм. Мыйзамсыз түшүнүп жатат бул нерсени".
Сотко Ирина Карамушкинанын апасы Наталья Корочич да келген. Ал өкүмдү адилетсиз деп атады.
"Анын эч күнөөсү жок. Ал эч нерсе кылган жок, кылмыш кылган жок. Эмне үчүн аны мынча жазалап жатышат?", - деди ал.
Равшан Жээнбековдун жакындары Кой-Таш окуясы боюнча ишти караган соттук коллегия көз карандысыз, бейтарап чечим чыгарган жок деп эсептешет:
Равшан Жээнбековдун жакыны Айсулуу Кудайбердиева мындай деди:
"Негизи ушул процессти Лейла Байдаева деген судья жүргүздү. Өтүнүчтөрдү канааттандырбай, кошумча сүйлөйүн десе сүйлөттүрбөй, процессти орой мамиле менен жүргүздү. Биз изилдеп көрсөк, мурда бул судья Матраимовдун жактоочусу болуптур. Лейла Байдаеванын адилеттүү өкүм чыгарганга кызыкчылыгы жок болчу да. Ошон үчүн биз өкүм судьядан дагы кетиши мүмкүн деп ойлойбуз".
Айыпталуучулардын адвокаттары Бишкек шаардык сотунун чечими боюнча алгач кеңешип, андан соң жогорку инстанцияга кайрылуу чечимин кабыл алышарын билдиришти.
Бишкек шаардык соту ишти август айынан баштап карай баштаган.
Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Ал жакында эле Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин дагы бир жолу көтөрдү.
2019-жылы 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, УКМК офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон.