- Топчугүл айым, Кыргызстандын Эгемендик алганына келерки жылы 35 жыл болот экен. Эгемендик бул Адамдын ички эркиндиги дешет. Ички эркиндик ириде акын-жазуучуларда болушу керек дешет...
- Эркиндик - бул адам үчүн, деги эле тирүү жан үчүн башкы баалуулук да. Адам өмүр бою эркиндикке умтулат, анткени бул өтө таттуу баалуулук. Бирок, эркиндикти абсолюттук деп айтууга болбойт. Таптакыр эркин боло албайсың. Себеби, эркиндиктин да өз чеги бар. Адам баласы сөзсүз кайсы бир нормага, талаптарга, мыйзамдарга баш ийүүгө тийиш.
Өз чөйрөм тууралуу айтсам, эгемендикти адеп оозунда сөзү барлар, калемгерлер, жазуучулар, журналисттер сезди да. Себеби, аларда ички эркиндик жаралды. Ички эркиндик – бул Адамдын жеке эркиндиги, бирөөлөрдүн мажбурлоосуз ой айтуу, бир нерсе жасоо мүмкүнчүлүгү эмеспи. Бизде эгемендик алгандан кийин публицистика жанры өнүгүп кетти. Жазуучулар, журналисттер керек болсо мугалимдер публицист болуп кетти. Себеби, ой айткыбыз келди. Көрсө, биздин жандүйнөбүз толо сөз экен. Ушундай бир басылып, бугуп келген экен, капкакты ачканда атылып, чачырап кеткендей болду.
Дагы караңыз Францияда "Кыргыздар" китебинин бет ачары өтүүдөКоомдун, эгемендикке байланыштуу маселелерди, мамлекеттин өнүгүшү, улуттук баалуулуктарыбыз, салт-санаа, наркыбыз боюнча көйгөй көп экен, ошонун баарын эркин айтууга өттүк да. Публицистика өзү ушундай жанр экен, ойлорубуз гезитке, радиого чыкканда элдин аң-сезимине таасир этти. Ага чейин бизде акын-жазуучуларда ички да, тышкы да цензуралар болгон да. Анан социалисттик реализм деген болгон. Бизде ошол ички цензура жоюлду. Социалисттик реализмдин талаптары коюлбай калды. Бул жазуучуларга, акындарга ички эркиндик, мүмкүнчүлүк берди. Мүмкүнчүлүк - эркиндик да. Эгемендик менен кошо өлкөнүн жарандарында эркиндик жаралды. Бул өзү адамды өнүктүрөт экен. Мурда айтылбаган, жазылбаган темалар калкып чыкты.
- Эгемендик жылдары мүмкүнчүлүк жаралганын айтып жатпайсызбы. Ошол жылдары баары өзүн ишкерлик жаатта сынап көрүшкөнү эсимде. Жаңылбасам, сиз дагы “Асылзат” деген гезит чыгарсаңыз керек эле.
- “Тунук” деген гезит чыгаргам.
- Кечиресиз. Бирок ошол жылдары башталган миграция агымы бүгүн дагы токтой элек. Ал агымга бой ургандар негизинен аялдар болуп жатпайбы.
- Кайсы доор, кандай түзүлүш болбосун мамлекеттин өнүгүүсү, деңгээли ошол өлкөдө жашаган аялдардын акыбалы, өңү менен аныкталат экен. Аялдар лакмус кагазындай эле чыныгы абалды көргөзүп, чагылдырып коёт экенбиз. Эгемендик, эркиндикке жеткен менен экономикалык эркиндик болбосо, жакырчылык каптап, анын бороонун алгач аялдар сезет экен. Үйдө балдар ачка калганда аял эмне кылат? Аргасыз көчөгө чыгат. Бизде 90-жылдары күйөөсү бары деле, күйөөсү жогу деле эптеп акча табыш үчүн көчөгө чыгып кетти да. Миграциянын жүзү аял менен өлчөнүп калды. Бүгүнкү статистиканы карасак мигранттардын 55% аялдар экен. Себеби, аялдар ишти тандабайт экен, эркектерге караганда үйгө көбүрөөк акча салып, чыдамкай келишет экен. Бирок табиятынан алып караганда, аял жана миграция бири-бирине каршы келет. Төрөп түшө турган курактагы аялдын миграцияга кеткени - бул зомбулук эмей эмне? Аял жана миграцияны мен карама-каршы түшүнүк катары кабылдайм.
- Азыр эми миграцияда жүргөн мекендештердин аңгеме-повесттерин окуп калабыз. Бул дагы бир кыргыз адабиятындагы тенденция болуп калды окшойт.
- Бул адабияттагы тенденция эмес, чоң багыт. Миграция кыргыз коомунун бир чоң бөлүгү болуп калды. Биз аны тана албайбыз. Биздин өлкөнүн жарандарынын кайсы бир бөлүгү чет жакта жүрөт. Кайсыл жакта биздин жарандарыбыз көп болсо, ошол жакта адабият, маданият калыптанып, керек болсо мектептер ачылып жатат. Биздин мигранттарыбыз турукташып, жалаң көр тирлик, акча табууну гана көздөбөй маданият, салт-санаа тууралуу да ойлоно баштады. Унутуп калбай өнүктүрөлү деген аракет менен ийримдерди ачышты, адабий топтор иштеп жатат. Мен билгенден мигрант кыздардын үч-төрт ыр жыйнагы чыкты. Жакында прозалык жыйнак чыгат деп жатышат. Мунун баары кыргыздар дээринен адабиятка, көркөм сөзгө жакын экендигинин белгиси да. Биз кандай учур болбосун ыр жазып, кандай шартта жашабайлы чыгарма жаратат экенбиз. Көркөм адабиятка жакын элбиз.
Дагы караңыз Нарсулуу: "Кат турмуш" - миграциядагы кыз-келиндердин үнү- Жогоруда миграция аял үчүн зомбулукка тете экенин айтып калдыңыз. Ошол эле маалда үйүндө отурган аялдар деле зомбулук көрүп жатпайбы. Акыркы жылдары эле күйөөсүнүн ур-токмогунан канча аял майып болуп, өлүп кетти... Зомбулуксуз, адам укугун сыйлаган коомду кантип курсак болот?
- Биз мурда мамлекет өнүксө, мамлекет бай болсо зомбулук да жок болот деп ойлочубуз. Үйдөгү чыр жокчулуктан, эрди-катындын келишпестигинен чыгат деген түшүнүк бар эле да. Дүйнөлүк статистиканы карасак, өнүккөн өлкөлөрдө деле зомбулук бар экен. Көрсө муну кубаттуу экономика менен токтото албайт экенбиз. Биз жакында “Улуттук дем”, “Дүйнөлүк бийиктик” деген жакшы бир документ иштеп чыгып, ал президенттин жарлыгы менен кабыл алынды. Анда зомбулукка каршы кыргыздын өзүнүн нарк-насилин, баалуулуктарын өзөк катары алууну сунуштадык. Бизди кыргыз кылган, эл катары сактап турган, өзүбүздүн салт-санаа, баалуулуктарыбыз менен ушул күнгө жеткирген нарктуулук экен да. Бүгүнкү кыйчалыш учурда, “Кыргыз мамлекети кайсы жол менен өнүгөт?” деген маселе коюлганда, өзүбүздүн наркка таянып, баарын кайтаралы деген чакырык таштап жатабыз. Улутубузга дем берген ошол нарктуулугубуз экен. Ал эми “Дүйнөлүк бийиктик” прогресске умтулуу. Дүйнөлүк өнүгүүгө өзүбүздүн нарк-насилдүү жолубуз менен кирип барышыбыз керек. Бала атасын же апасын уруп, эркектин өз канынан жаралган уул-кызына кол салганы кыргызда эзели болгон эмес да. Мунун баары кийин пайда болду, кийин жаратып алдык ушул терс көрүнүштөрдү.
- Азыр эмоционалдык интеллект деген түшүнүк пайда болду. Батышта ага ыктагандар, жактагандар көп экен. Ошол сапат кыргыздарда мурда эле болгон дейсизби?
- Кыргыздар үйлөнөрдө, келинчек аларда аябай карап, сынашкан. Ата тегине, энесинен алган тарбиясына маани беришкен. Алган жарың бала эле төрөп бербестен, көчмөн элдин оор турмушун жүргүзүп кете алгандай тың, чыйрак болушу керек дешкен. Кыргыздар көп учурда аялды чырайына карап тандаган эмес, акылын, жөндөмүн баалашкан. Кыргыз аялдарында сөзсүз интеллект болгон, болгондо да чыгармачыл интеллект. Ошонун баары аялды кайсы бир деңгээлде эркин кылып, сый-урматка жеткирген. “Кыргыз аялдары башынан эркин болгон” деген түшүнүк ошондон улам. Мен чыгармаларымдын баарында аялды эркиндикке үндөйм. Аял аз болсо да ошол эркиндигинен рахат алса деймин. Мисалы, Турдугүл жөн киши эмес, ал элдин ажатын ачкан гилемчи. Чебер, сүрөтчү аял. Бизде Баткенде килем согушат. Бирок гилемчилер аз. Бул чанда бир адамга берилчү өнөр да. Килем согуп бер деп келгендер үзүлбөйт эшигинин алдынан. Турдугүл өз кесибин жакшы көрүп, турмушка убагында чыкпай калат. Анын айынан кийинки жашоосунда кичине кыйынчылык тартат. Бирок ошого карабай мен анын сүйүүгө болгон эркиндигин, укугун бергим келди да.
Дагы караңыз "Ажардын трагедиясын, Үркүндү тартам"- Жакында режиссер Актан Арым Кубат сиздин ошол “Гилемчи” аңгемеңиздин негизинде көркөм тасма тартты. Тасма тартуу учуруна катышып, Баткенде да жүрдүңүз окшойт?
- Жок катышкан жокмун. Бирок сценарий жаздым. Актан Арым Кубат “Аңгеме боюнча кино тарткым келип жатат, мага сценарий жазып бериңиз” деп кайрылып калды. Киного сценарий жазганда үй-бүлөлүк баалуулукка көбүрөөк басым жасадым. Сүйүү деген сөзсүз эле келбетине суктанып, кумарлана кароо эмес. Сүйүү - бул адамгерчилик, бирөөнү аёо, бирөөгө кам көрүү, бирөөгө жан тартуу. Бул жерде адамдык, этикалык сапаттар баарынан жогору турушу керек. Сүйүү ошолор менен байышы керек, гилемчинин сүйүүсү ушундай да. Тасма менин үч чыгармамдын негизинде тартылды - “Долу”, "Гилемчи" анан “Көк Суу”. Сценарий “Кыргыз фильмдин” көркөм кеңешинен өтүп, алар жактырган соң мамлекеттик каржылоого беришти.
- Бирок мен “Гилемчини” окуганда доор алмашкан учурда ишсиз калган адамдарды, эмгектин бааланбай калганын көрдүм эле.
- Жасалма дүйнөгө ыктап, нукура талантты баалабай баратканыбызды бергим келген. Кытайдан келген буюм-тайымдар базарда толуп кетпедиби. Айрыкча килемдер абдан кооз, арзан, жеңил. Мындай килемдер жайнап кеткенде, биздин кол өнөрчүлөрдүн эмгеги четке сүрүлүп калган. Бирок базардагы килемдин сапаты начар экени бат эле билинип жатпайбы. Эл кайрадан колго согулган килемге өттү. Бирок эмгеги бааланган учурду мен жазган гилемчи көрбөй калды.
- Мага сиздин “Кадакчы” аттуу аңгемеңиз жагат. Аны окуп жатканда менде Топчугул эже Айтматовго, айрыкча “Жамийлага” таасирленген окшойт деген ой кетти. Андай эмеспи?
- “Жамиляны” баарыбыз жакшы көрөбүз. Бирок ал жарык көргөндө коомдо резонанс болуп, өйдө-төмөн сөздөр да айталган экен. “Кыргыз турмушунда мындай болгон эмес” деп аттуу-баштуу адамдар эле элге жат көрүнүштөй сындашыптыр. Бирок мен айтаар элем, Жамийла типтүү образ. Себеби, кыргыз кыздары илгертен эле өз бактысы үчүн күрөшүп келген. “Жаңыл Мырзаны” айталы. Боом капчыгайындагы Кыз-Күйөөнүн уламышычы? Андагы кыз өлүмдөн коркпой, өз бактысы үчүн күрөшүп жатпайбы. Менин "Келин таш" аңгемемде да баш каарман таш болсо, ташка айланып калайын деп көшөрөт эмеспи. Аялдардын мындай күрөшүн элди ынандыргандай бериш керек. Ошондо суроо жаралбайт да. Калбү жөн эле жерден кадакчыны издеп кеткен жок. Өз үйүнөн көрөр кордукту көргөн. Демек, кийинки жашоосунда сүйүүгө татыктуу эле. Ал дагы эл көргөн жакшылыкты көрүшү керек болчу.
Дагы караңыз Топчугүл Шайдуллаева Эл жазуучусу болду, режиссерлор "Даңк" медалын алды- Аңгеменин каарманы бүлдүргүч эрин эмес, жаратман эркекти ээрчип кетти дейсизби?
- Жашоо ушундай экен да. Бирөө оңдойт, бирөө бүтүндү бүлүндүрөт. Бирөө баалайт, бирөө тескерисинче баалабайт. Колдо бар алтындын баркы жок деген ушу тура. Айрыкча аялдар ушундай орой мамилеге көбүрөөк кабылат да. Колдо турган аялдын, кээде эркектин баркын билбей калабыз. Жакшы жарды баалагыла деген чакырык бар да бул жерде.
- Кыргыз адабиятында мага Сейде күчтүү аялдын образындай сезилет. Ал согуштан качкан күйөөсүн эмес, абийирин тандап кетти да.
- Сейденин алдында эки чоң нерсе турду да. Биринчиси - үй-бүлөлүк баалуулук. Баласынын атасы, күйөөсү кылмышкер, аны кантип кабыл алышы керек? Чындык айтылышы керек да. Чындыкты кантип ичине сактап жүрөт? Көрсө, жашоодо сүйүүдөн да бийик турган нерсе бар экен да. Ал ошол эле адамгерчилик, чынчылдык, асылдык, калыстык. Ал ошол калыстык үчүн, чынчылдык үчүн кылмышкерди кармап берип жатат. Бул аялдын асылдыгы эмеспи. Сейде - Айтматовдун чыгармасындагы эң күчтүү аял образдарынын бири. Деги эле Айтматовго чейинки кыргыз адабиятында күчтүү аялдын образын табуу өтө кыйын. Аялдар күчтүү эркектин образын ачканга гана кошумча курал болуп келген.
- Кыргыз адабиятында жакшы эркекти кор кылган ажаан же шайкелең, же бошолоң аялдардын образдары басымдуу дейсизби?
- Анын баарын жазган кимдер? Албетте, биздин эркек жазуучулар. Бул жашоону эркектин көз карашы менен кабылдоо. Көбү стереотипке берилип кеткен. Эркектердин образын күчтүү кылып чыгарып, ага теңдүү аял сөзсүз чырайлуу, акылдуу кылышат. Андай болбосо тажаал, тилдүү кылып коюшат. Кокус күчтүү аялдын образы болсо, анда аны сөзсүз бактысыз кылышат. Мен өзүм аял болгондуктанбы, мындай чыгармаларды окуганда арданган учурларым көп болду. Мага “Аялдар жөнүндө эле жаза бересиң” деп көп айтышат. Менин аялдар жөнүндө жазгым келет, дагы жазам. Аял - биздин өлкөнүн түркүгү. Аял өнүксө, коом дагы өнүгөт. Аял деген эне да. Аялга кам көргүлө, аялды сыйлагыла деп насаат айтканга караганда, көркөм чыгармалар жүрөккө бат жетет. Көркөм адабияттын миссиясы - бул коомду тарбиялоо, агартуу. Ошол миссияны аткарыш керек. Мен аялдарды дайыма аяп турам. Айрыкча биздин аялдар дайыма чарчаңкы көрүнөт.
- Өткөн жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгын Хан Ган аттуу аял жазуучу албадыбы “Эт жебес аял” деген романы үчүн. Метафорага бай, зомбулукту сындаган чыгарма экен. Кыргыз аялдары да балким ушундай чыгармаларды жазып, күрөштү башташ керек?
- Түштүк Корея экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн бири да. Ошого карабай бул китеп жаңы чыкканда корей коому такыр кабыл алган эмес. “Абсурд, татаал, түшүнүксүз” дегендер болгон. “Үй-бүлөлүк баалуулуктарга туура келбейт” деп катуу сындашкан экен. Чыгарманы дүйнө тааныганда гана айрымдар көз карашын өзгөртүптүр, айрымдары оюнда калган. Автор бул жерде аялдын күчтүү образын жараткан. “Эт жегенден баш тарттуу” деген метафора бир жагынан жаратылышты коргоого, жаныбарларды өлтүрбөөгө чакырып, азыркы глобалдуу маселеге шайкеш келип жатпайбы. Экинчиден, Кафканын чыгармасындагыдай бир шартты түзүп койду да. Кыз бир күнү түш көрүп эле эт жебей коет. Ошону менен коомго каршылык көрсөтөйүн деп жатпайбы. Жакындарына да айтып, аларды сынап жатат. Алардын кандай адамдар экенин да билип алды. Бул аябай терең чыгарма.
Дагы караңыз Корей коомунун өксүгүн көрсөткөн "Эт жебес аял"- “Эт жебес аялдан” улам бир нерсе эске түштү. Баш каармандын күйөөсүнүн кетип калганы өзүнөн мурда жакындарына катуу тийет эмеспи. Кыргыз коомунда да бой жүргөн кыз-келинди баары эле “күйөөгө чык” деп кыйнаган адат бар эмеспи. Бирок адамдын тандоосу, тагдырды өзүндөй кабыл алуу деген бар да. Эмнеге аны биздин коом түшүнгүсү келбейт. Эмнеге бакытты күйөөгө гана байлашат?
- Бизде ушундай бир нерсе бар да. Эгер сен жесир же ажырашкан аял болсоң, өз уулуңду үйлөнтүп жатканда келиниңдин башына жоолук да сала албайт экенсиң. Башы бүтүн, баш ээси бар аял салышы керек экен. Ушундай ырым бар экен, ага баш ийишиң керек экен. Кандай катаал салт ээ? “Бактылуу менен байлашпа, таалайлуу менен талашпа” деп кыргыздар илгери эле айтып койгон да. Ошондуктан чыгармаларымда ар бир аял бактылуу болсо экен, эч ким жарты калбаса экен деген ойду айткым келет. Платондун “Пир” деген диалогу бар. Ошондо илгери аял да, эркек да жок, бир эле андрогин аттуу жандыктар болгонун айтат да. Бир күнү алар күчтөнүп кетип, жараткандын өзүнө каршы чыга баштайт экен. Ошондо кудай каарданып, жаза иретинде аны тең экиге бөлүп салыптыр. Ошол экиге бөлүнгөн дененин бири эркекке, бири аялга айланып кеткен экен. Албетте бул миф. Аял менен эркек бири-биринин теңи болот экен да. Экөө тең өмүр бою өз теңин издейт экен. Тапса, бир бүтүн болуп жашап калат экен. Теңин таба албагандар өмүр бою издейт экен. Бул дагы тагдырдан алынган миф болсо керек. Ушул күндө моногамиялуу үй-бүлө, бир аял менен бир эркектин бир үйдө түтүн булатканы чоң эрдик болуп калды. Адамзат тарыхында көптөгөн күрөштөр, тандоолордон кийин үй-бүлө институту өнүгүп, өсүп отуруп бир никелүү үй-бүлө келип чыккан да. Бул эң чоң баалуулук, аны сакташыбыз керек.
Топчугүл Шайдуллаева менен маек кыскартылып терилди. Толук версиясын видеодон көрсөңүз болот.