“Мектеп үчүн шайлайлы”. Кадамжайдагы үгүт иши текшериле баштады

Шайлоону сүрөттөгөн коллаж. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңешке шайлоого №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп жаткан парламент депутаты Ырысбек Атажановдун тарапташынын үгүт жасаганы Кадамжай райондук милициясына каттоого алынып, текшерүү иштери башталды.

Мунун алдында Атажанов менен жолугушууда аны шайлоого үндөгөн адамдын видеосу тараган. Ал адам айылдык кеңештин депутаты экени белгилүү болгон. Мурдараак президент жана Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге шайлоо ишине аралашпоону эскерткен.

Ачыкка чыккан биринчи факт

Социалдык тармактарда тараган видеодо топ адамдар отурган жерде бир адам “мектеп үчүн, балдар үчүн Ырысбек Атажановду колдоп коюуга” чакырып жатканы тартылган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы интернетте тараган видеодогу адам Исхак-Полотхан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы экени такталганын билдирди.

Баткен милициясынын маалымат кызматынын башчысы Дамира Юсупова Фейсбуктагы баракчасына мындай деп жазды:

Дамира Юсупова

"Жогорку Кеңешке талапкер Ы.Атажановдун тарапташы Исхак-Полотхан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Матажиев Гуламидиндин сүйлөгөн сөзү боюнча маалымат Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери башталды. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет".

Бул тасма тууралуу Ырысбек Атажанов өзү комментарий бере элек. Ал 30-ноябрда өтчү шайлоого катышуу ниетин 10-октябрда билдирген.

Ырысбек Атажанов (көз айнекчен)

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Боршайкомго арыз тапшыргандарды үгүт иштерин эрте баштап албоого чакырган. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрдан 29-ноябрга чейин уланат. Добуш берүү 30-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин болот. Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгышы керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов расмий видео аркылуу мындай деди:

Абдыжапар Бекматов

"Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын талаптарына ылайык, шайлоо алдындагы үгүттүн жол-жоболору, алардын мөөнөттөрү так көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, талапкерлерди каттоонун мөөнөтү аяктагандан кийин, 10-ноябрдан баштап үгүт иштери расмий жүргүзүлөт. Учурда ЖМКларда, интернет-басылмаларында жана социалдык тармактарда үгүт ишин эрте баштаган, жол-жоболорду бузган фактыларды байкап жатабыз. Ал боюнча БШКнын алдындагы жумушчу топ тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат".

Ал арада 20-октябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгы Араван районунда автоматтык эсептөө урнасын (АСУ) уурдаган деген шек менен 22 жана 23 жаштагы эки адам кармалганын билдирди.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

“Шайлоого аралашсаңар катуу жазалайбыз”

Мурдараак президент Садыр Жапаров президент мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди шайлоого аралашпоого чакырып, айыл өкмөт баштаган ар бир мамлекеттик кызматкерге, мугалимдерге, дарыгерлерге кайрылып, шайлоого аралашса кызматтан эле кетпей, жазаланарын эскерткен.

Садыр Жапаров

“Шайлоого аралашпаңыздар. Кимде ким аралашкан болсо, кызматтан кетип эле тим калбайсыздар. Катуу жазалайбыз. Талапкерлердин эл менен болгон чогулушуна барып катышууга тыюу салбайбыз. Чогулуштарга барып, талапкерлердин программасын угуп, анан жүрөккө жаккан талапкерге добушуңуздарды бере бериңиздер. Бирок үгүт иштерине катышпаңыздар. Баланча талапкерди өткөрөм, түкүнчө талапкерди жыгам деп чуркабаңыздар. Бул шайлоону калыс катары башынан-аягына чейин мен өзүм көзөмөлдөйм. Эгер кайсы бир округда адилетсиз иштер жаралган болсо, БШКнын териштирүүлөрүнө жеке өзүм барып катышам же комиссия түзүп, ишенимдүү кишилеримди жиберем. Ар бир иштин жыйынтыгын калыс чыгарабыз”.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да атайын жыйын өткөрүп, аткаминерлерди шайлоого аралашпоого чакырып, муну үчүн катуу чара көрүлөрүн билдирди.

“Шайлоого аралашпагыла! Эгер кимдир бирөө шайлоодо жакындарына жардам бергиси келсе - анда кызмат ордун тапшырып берип, андан кийин гана шайлоодо иштесин”, - деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

№2 шайлоо округуна Баткен районунун жана Кадамжай районунун аймактары бириктирилген.

Кыргызстанда эгемендик алгандан берки шайлоолордо административдик ресурс колдонгонуна байланыштуу айыптоолор болуп келген.

2020-жылкы парламенттик шайлоодо да жер-жерлерде аткаминерлер шайлоодо кайсы бир партияга үгүт жасаганы айтылган жана добуш сатып алуулар болгонун байкоочулар белгилешкен. Шайлоодо бийликчил үч партия көпчүлүк добуш алып, нааразылыктардан кийин шайлоо жыйынтыгы жокко чыккан. Ага карабай нааразылыктар күчөп, бийлик алмашкан. Ал Октябрь окуялары деген ат менен тарыхта калган.

Саясатчы Бектур Асанов бул шайлоодо адилеттүүлүктү камсыздоо азыркы бийлик үчүн маанилүү экенин белгилейт:

Бектур Асанов

“Кыргызстандын кайсы бийлиги болбосун 30-35 жылдан бери өлкөдө таза шайлоону жана сот адилеттигин камсыз кыла албай келет. Ушунча жылдан берки Кыргызстандагы эң чоң саясий көйгөй ушул. Таза шайлоо менен сот адилеттүүлүгү дайыма эриш-аркак жүрөт. Шайлоодо элдик бийлик шайланат, ал калыс болбосо, демек элдин укугу бузулат. Эгер шайлоодо талаш-тартыш болсо, аны сот чечет, сот адилеттүү болбосо кайра эле элдин укугу бузулат. Шайлоолор калыс өтсө, соттор адилетүү болуп келсе, өлкөдө эч кандай төңкөрүштөр болмок эмес. Коомдогу оору сакайган жок, анан ыңкылаптар улам-улам кайталанды. Менин оюмча бул ирет бардык атаандаштарга бирдей шарт түзүлсө, административдик ресурс колдонулбаса шайлоо туура эле өтөт. Шайлоону таза өткөрүү бийликтин өзүнө керек”.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган. Жаңы мыйзамга ылайык, өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын экөө эркек, бири аял болушу кажет, же эки аял алдыда келсе, үчүнчүсү эркек болушу шарт.