Молдовадагы шайлоо: Сандунун европалык интеграцияны жактаган партиясы жеңди

Молдова. 28-сентябрь, 2025-жыл

Молдовада 28-сентябрда өткөн парламенттик шайлоо өттү деп жарыяланды. Бюллетендердин басымдуу бөлүгү эсептелгенден кийин президент Майя Сандунун Европаны жактаган "Аракет жана тилектештик" (PAS) партиясы алдыга озду. Анын партиясы добуштардын 50% ашыгын алды.

Экинчи орунда орусиячыл социалист жана комунисттер кирген, Орусияны жактаган саясатчы Игорь Додон башында турган Патриоттук шайлоо блогу баратат. Үчүнчү катарга 2025-жылы Кишиневдун мэри түзгөн "Альтернатива" партиясы чыкты.

Добушканалар Молдованын сааты менен 21:00дө жабылды, башка мамлекеттерде жергиликтүү убакыт боюнча 21:00гө чейин уланды.

Шайлоого Молдованын 1,6 миллиондон ашуун жараны катышты, бул шайлоочулар тизмесинде катталгандардын 52% түзөрүн "Азаттыктын" молдован кызматы билдирди.

Шайлоочулардын 1,32 миллиондон ашууну же 47,41% өлкө ичинде добуш берди, калганы чет жакта, анын ичинде эл аралык коомчулук тааныбаган жикчил Приднестровьенин жашоочулары да бар.

Негизи күрөш "Аракет жана тилектештик" (PAS) башкаруучу партиясы менен Патриоттук блоктун, "Альтернатива" партиясынын ортосунда жүрдү.

"Альтернатива" партиясынын позициясынан келечектеги өкмөттү ким түзөрү аныкталышы мүмкүн.

Молдованын парламенти 101 мандаттан турат.

Өлкөнүн президенти Майя Санду жекшембиде эртең менен Кишиневдогу шайлоо тилкесинде добуш бергенде жарандарды шайлоого активдүү катышып, демократияны коргоого чакырды.

"Молдова, биздин жалпы үйүбүз коркунучта турат, азыр ар бириңиздерге муктаж. Силер аны өз добушуңар менен куткара аласыңар", — деди Санду.

Бул парламенттик шайлоолор Евробиримдикке кирүүгө талапкер болуп турган Молдованын келечеги үчүн маанилүү болчу.


Молдова, Кишинев. 28-сентябрь, 2025-жыл. Президент Майя Санду добуш берүүдөн кийин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө

Айрым талдоочулар Батышты жана Орусияны жактаган негизги эки атаандаш топ шайлоодо тең чыгат деп жоромолдоп атышкан.

Майя Санду башында турган жана Европаны жактаган PAS партиясы 2021-жылдан бери парламенттеги көпчүлүктү кармап турат.

Сурамжылоолорго таянып PAS азыр бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарышы мүмкүн экени айтылып келаткан.

Шайлоонун алдында Майя Санду элге кайрылып, Европаны жактаган күчтөрдү колдоого чакырды, Орусия бийликке өз тарапташтарын алып келүү үчүн акча аябай жатканын айтты. Москва молдован шайлоочуларыны добушун сатып алуу үчүн жүз миллиондогон долларларды коротуп жатканын билдирди. Санду орусиячыл күчтөр жеңип чыкса Молдова Европадан оолактап, Украинанын Одесса облусундагы Орусиянын операциялары үчүн плацдармга айланарын жарыялаган.

Орусия башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишип жатат деген айыптоолорду такай четке кагып келет. Орусияны жактаган саясатчы Игорь Додон башында турган Патриоттук шайлоо блогу баштапкы эсеп боюнча добуштардын 28% алганы маалымдалды. Дүйшөмбүгө караган түнү баштапкы жыйынтык чыгып калган учурда Игорь Додон жана анын партиялаштары Кишиневдо Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына нааразылыкка чыгып, добуштарды кайра саноону талап кылышты.

Игорь Додон Борбордук шайлоо комиссиясына каршы нааразылык билдирип чыкты.

2021-жылдагы парламенттик шайлоого шайлоочулардын 48% ашыгы гана катышып, PAS партиясы 52% добуш менен уткан. Ал кездеги шайлоодо чет жактагы молдован диаспоралары маанилүү роль ойноп, Сандунун партиясын колдоп берген.

Азыркы шайлоодо дагы диаспоралар чечүүчү роль ойноду. Былтыр президенттик шайлоонун экинчи турунда чет жактарда ачылган добушканаларда рекорддук сандагы киши же 327 миң шайлоочу добуш берген, анын 82% Сандуну колдоп, жыйынтыгында ал кайра шайланган.

28-сентябрда шайлоо күнү Молдованын тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттердеги - Аликанте, Брюссел, Бухарест, Генуя, Рим жана Ашвиллдеги добушканаларга мина коюлганы тууралуу жалган маалыматтар катталганын жарыялады.

Орусияда жашаган молдован жарандары тууралуу айтсак, көбү Москва Крымды аннексиялап алгандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2022-жылдын башындагы маалыматка караганда, Орусияда окуп, иштеген жана жашаган молдовандар 7,5 эсеге кыскарган. 2022-жылдын майында Орусияда 75 миңдей молдован жараны катталган. 2014-жылдын башында Орусиядагы молдован диаспорасы 600 миңге жетип турган.

Молдованын Санду башында турган азыркы бийлиги Европа Биримдиги менен интеграцияга жетишүүгө умтулууда.